www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жаштар арасында Gap year (бош жыл — ред.) түшүнүгү пайда болду. Мында балдар мектепти аяктап, жогорку окуу жайга тапшыруунун ортосунда бир жылдык тыным алышат.

Негизги максат — дүйнө кыдыруу, чет тилдерди өздөштүрүү, өзүн издөө, өзүнө ылайык кесипти жаңылбай табууга мүмкүнчүлүк алуу.

Бул нерсенин кандай күнгөй-тескейи бар экенин РИА Новости агенттигине берген маегинде Бүткүл россиялык "Вдохновители" кыймылынын жетекчиси, багыт берүү жана шыктандыруу боюнча адис Михаил Палей айтып берди.

Артыкчылыктары:

эгер бала аракетчил болсо, чет тилдерди үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт;

кайсы кесипти тандаарын билбей жаткандар үчүн изденүүгө кошумча убакыт болот;

айрым аракетчил балдар бир жылды жөн өткөрбөй, иштеп, өзүнө кичине болсо да каражат топтоп алышат.

Кемчиликтери:

17-18 жашында көпчүлүк балдар канча бош убакыт болсо дагы өзүн таба албайт. Буга жашоо тажрыйбасы жетишсиз;

айрым балдар үчүн бул убакыт бир нече жылга созулуп кетиши мүмкүн. Кээ бирлер ошол бойдон ЖОЖго тапшырбай калышы ыктымал;

бала бир жылын текке кетирип коюшу мүмкүн.

Мындан тышкары, адис мектептин ар бир бүтүрүүчүсүн колдон келишинче билим алып, кесип ээси болууга чакырат. Анын айтымында, кесиби жок адамдар деле оокат кылып кете алышат. Бирок кайсы бир багытта атайын билими бар кишинин жашоодо мүмкүнчүлүктөрү алда канча жогору болот.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости