www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин украин элин орус тилинин окуу китептерин кийин издебеши үчүн ыргытпоого чакырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Одесса облусунда орус тили жана адабияты боюнча окуу китептери конфискацияланды, бардык орус жазуучулары окуу программасынан чыгарылды. Николаев облусундагы мектептерде орус тилин үйрөнүүгө тыюу салынды. Украиндар орус китептерин ыргытканга шашпашы керек. Орусча окуу китептери жеткиликтүү болушу керек. 1-сентябрга чейин», - деп жазган Володин.

Думанын спикери өз эне тили болгон орус тилинде сүйлөөнү жана аны үйрөнүүнү каалаган жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин калыбына келтирүү «атайын аскердик операциянын милдеттеринин бири», -  деп билдирди.

Владимирдин айтымында, «адам укуктарын бузган украин аткаминерлери жоопкерчиликке тартылышы керек».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости