www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-сентябрь — Эл аралык тынчтык күнү

Бүгүн, 21-сентябрь - Эл аралык тынчтык күнү. БУУнун Башкы ассамблеясы 1981-жылдын 30- ноябрында кабыл алган чечимге ылайык, Тынчтык күнү дүйнөдөгү чатактарды жана зордук-зомбулуктарды токтотуу, тычнтык идеяларын жайылтуу максатында кабыл алынган. Ал эми Башкы ассамблеянын 2001-жылкы сессиясы 21-сентябрды Эл аралык тынчтык күнү деп жарыялаган.

Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 21-сентябрда Эл аралык Тынчтык күнү белгиленет. Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясы бул күндү 24 саат бою күч колдонбоо, тагыраагы зордук-зомбулукка жол бербөө жана ок атпоо режимин сактоо менен тынчтыктын идеалдарын бекемдөөгө арналган күн катары жарыялаган.

Бул күн улуттардын жана өлкөлөрдүн ортосунда тынчтык мамилелерди бекемдөөгө арналган.

Жыл сайын 21-сентябрда БУУда ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп, салттуу түрдө Тынчтык коңгуроосу кагылат. Салтанат БУУнун Башкы катчысынын кайрылуусу менен башталат, андан соң ал коңгуроо кагат. Бир мүнөттүк тынчтыктан кийин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин төрагасы кайрылуу жасайт.

БУУнун расмий сайтында: «Биз бири-бирибизге душман эмеспиз. Тескерисинче, биздин жалпы душманыбыз — биздин ден-соолугубузга, коопсуздугубузга жана жашоо мүнөзүбүзгө коркунуч келтирген вирус. COVID-19 дүйнөнү дүрбөлөңгө салып, планетанын бир бөлүгүндө болуп жаткан окуялар бардык адамдарга таасир этиши мүмкүн экендигин күч менен эскертти”, — деп айтылат.

COVID-19ду жеңүү үчүн күрөшүп жатканда, дүйнө жүзү биригип, бул бороонду кантип көтөрүп, планетабызды айыктырып, аны жакшы жакка өзгөртүү боюнча ой бөлүшүүгө чакырат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости