www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, КРдин Жогорку Совети 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны кабыл алган. Ага ылайык, өлкө көз карандысыз, эгемендүү, демократиялык мамлекет деп жарыяланган.

Жарлыктын негизинде токтом кабыл алынды.

Өкмөткө төмөнкүлөр сунушталды:

  • Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөө менен байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү;
  • Даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын 2020-жылдын 1-декабрына чейин бекитүү;
  • Аталган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды республикалык бюджеттен бөлүүнү кароо;
  • Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө президенттин аппаратынын жетекчисине жүктөлсүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости