www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУ: Пандемиядан улам дүйнөлүк экономика төмөндөйт

Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөлүк экономиканын төмөндөөсү 4,3% түзүп, 2021-жылы 4,1% калыбына келиши мүмкүн. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) соода жана өнүгүү боюнча конфедерациясынын баяндамасында айтылат.

Авторлордун божомолуна ылайык, COVID-19дан өнүгүп келаткан өлкөлөргө караганда өнүккөн өлкөлөр көбүрөөк жабыркайт. Эгер каатчылык токтобосо, 130 миллион киши жакырчылыкка кептелиши мүмкүн.

Баяндамада COVID-19дан коргонууга ресурстары жетишпеген дүйнөнүн жакыр калктарына көңүл буруу керектиги белгиленген.

Эске салсак, октябрдын ортосунда Эл аралык валюта кору дүйнөлүк экономика боюнча божомолдорун жакшыртып, 2020-жылы анын төмөндөөсү 4,4% түзөрүн, 2021-жылы 5,2 калыбына келерин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости