www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Трамптын Украинанын президентин “диктатор” деп айтканы Бириккен Улуттар Уюмунун кескин сынына кабылды. Германиянын канцлери Шольц америкалык лидердин сөздөрүн туура эмес жана коркунучтуу деп атады.
Бириккен Улуттар Уюму Украинанын президенти Владимир Зеленскийди легитимсиз мамлекет башчысы деп эсептебейт, деп билдирди БУУнун баш катчысы Антониу Гутеррештин расмий өкүлү Стефан Дюжаррик Нью-Йоркто журналисттерге.
Анын айтымында президент Зеленский тийиштүү түрдө өткөн шайлоодон кийин кызматка киришти.
Эскерте кетсек, ошол эле күнү Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагына пост жарыялап, анда ал украиналык кесиптешин сурамжылоолордогу «өтө төмөн рейтингине» карабай, «шайлоодон баш тартканы» үчүн сындаган. Ал Зеленскийди «жеңип чыгуу мүмкүн эмес жана башталбаш керек болчу согушка» америкалык акчаны ысырап кылып жатат деп айыптады. «Шайлоосуз диктатор Зеленский шашылбаса, анын өлкөсү жоголот», — деп жазган америкалык лидер.
Украинанын президенти бул жалган маалыматты «Орусиядан келген» деп атады. Зеленский Трамп “дезинформация мейкиндигинде” жашайт деген бүтүмгө келген.
Зеленскийдин айтымында, Орусиянын Украинага каршы согушу 320 миллиард долларга турду, анын 200 миллиардын АКШ жана Евробиримдик төлөп берди», — деп билдирди украин президенти.
Германия өкмөтү да Дональд Трамптын билдирүүлөрүн сынга алды. Германиянын канцлери Олаф Шольц Der Spiegel журналына берген маегинде Украинанын президентинин демократиялык легитимдүүлүгүн жокко чыгаруу “жөн эле туура эмес жана коркунучтуу” деп билдирди.
«Владимир Зеленский Украинанын шайланган мамлекет башчысы, согуштун ортосунда шайлоо өткөрүү мүмкүн эместиги Украинанын конституциясында жана шайлоо мыйзамдарында чагылдырылган», — деп баса белгиледи Scholz.