www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Тоолуу Карабахта адамдардын каза болгондугу тууралуу маалыматка тынчсыздангандыгын билдирип, ок атышууну дароо токтотууга чакырды. Бул тууралуу БУУнун билдирүүсүндө айтылат.
“Региондо аскер күчтөрүнүн колдонулуп жатканына, ошондой эле адамдардын каза болгондугу тууралуу мааалыматка тынчсызданууда. Мындан улам баш катчы дароо куралдуу кагылышууну токтотууга чакырып, 2020-жылдагы ок атышууну токтотуу тууралуу режимди тыкыр сактоону белгиледи”, – деп айтылат билдирүүдө.
Гутерриш “жердеги гуманитардык кырдаалга тынчсызданып жатканы” белгиленип, тараптарды муктаж болгондорго гуманитардык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүү үчүн зарыл чараларды көрүүгө чакырды. “Ал тараптарды ишенимди чыңдоо жана аймакта узак мөөнөттүү тынчтыкты камсыз кылуу үчүн күч-аракетин кайра багыттоого чакырат”, – деп белгиленди.
Armenpress кабарлагандай, Тоолуу Карабхта 7 жай тургун каза болду. Кеминде 35 жаран жаракат алган. “Алардын 13ү жаш балдар, 15и аял жана жетөө эркек”, – деп маалыматта айтылууда.
Азербайжандын коргоо министрлиги 19-сентябрда антитеррордук иш-чара башталганын маалымдаган.
Булак: NazarNews.kg