www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19-сентябрда Италиянын Coldiretti айыл чарба компаниясы Кыргызстандан Италиянын Сардиния аралына 100 чабанды үй-бүлөсү менен кой-эчки багуу салтын улантуу максатында көчүрүп кетүүгө КР Эмгек министрлиги менен келишим түздү.

Маалыматка караганда, Италия Сардиния аралында жоголуп бараткан кой жана эчки сүтүнөн сыр жасоо жана жылкы чарбасын жандандырууну көздөп жатат.

Эми Кыргызстандан да 18 жаштан жогору 45 жаштан ашпаган курактагы, тажрыйбасы бар 100 чабандарды чакыра баштады. 

"Бул долбоор каралбай калып кеткен айыл чарба райондорун жандандыруу, калктын карып бараткан катмарынын көбөйүшү жана калктын санынын азайышы сыяктуу көйгөйлөр менен күрөшүүгө багытталган", - деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, Сардиния аралынын жаштары айыл чарбасында иштегиси келбей чоң шаарларга кете баштаганынан бул тармак кескин аксап, Италия өкмөтү Индиянын Пенжаб аймактарынан 10 миң эмгек мигранттарын чакырып, кой-эчки бактыра баштаган. Алар эт жана сүт өндүрүп, Пармезан быштагын жасап, барган жерлеринде жакшы отурукташып кетишкен.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости