www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл бюджеттик насыялардын кайтарымдуулугу пландан ашыкча болду

Быйылкы 11 ай ичинде Кыргызстанда бюджеттик насыялардын кайтарымдуулугу пландан ашыкча болду. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик январь-ноябрь айларында 2,8 миллиард сом кайтарып алууну пландаган. Бирок эсептей келгенде 3,6 миллард сом түшкөнү белгилүү болду.

Бул сумманын ичинен 2,7 миллиарды негизги карыз болсо, 9 миллиону пайыздар жана айып пул болуп эсептелет.

Бюджеттик кредит — бул чарбачылык субъектилерге республикалык бюджеттен берилүүчү насыя. Ал мурда берилген кредиттердин үстөк пайызын төлөп, өлчөмүн жабуу боюнча милдеттенмелерин аткарган шартта берилет.

Ал эми Улуттук банк март айында "Коронавируска байланыштуу каржы-насыялык ишмердүүлүктү жөнгө салуунун убактылуу эрежелери жөнүндө" токтом кабыл алган.  Ага ылайык, насыяларды төлөө мөөнөтү бери дегенде үч айга жылдырылып, кечиккендиги үчүн айып пул салынбайт. Ошондой эле кардардын "кредиттик тарыхына" бул айлардагы кечигүүлөр эсепке алынбайт.


Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости