www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл ишканалардын пайдасынын көлөмү 20 эсеге азайды

Быйыл экономиканын реалдуу секторундагы ишканалардын пайдасынын көлөмү 2019-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 20 эседен ашык кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын тогуз айында ишканалар 1,7 миллиард сом пайда көргөн. Ал эми былтыр ушул эле мезгилде 37,1 миллиард сом түшкөн. Мында рентабелдүү ишканалардын үлүшү 28 пайыздан ашыгын (өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 35 пайызга жакынын) түзгөн.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу карантин жана чектөө чаралары киргизилгендиктен өндүрүштүк жана экономикалык ишмердиктин бардык түрү боюнча кирешенин төмөндөшү байкалган.

Эң көп жабыр тарткан тараптар соода, мейманкана жана ресторан бизнеси, транспорт, туризм, эс алуу жана көңүл ачуу, ошондой эле башка кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишканалар болгону белгиленет.

Аны менен катар чет элдик валюта менен карыз алгандар курстун жогорулашы менен олуттуу кыйынчылыктарды баштан өткөргөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости