www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Cадыр Жапаровдун сүрөтүн тарткан жигит!

Азыркы күндөрү интернетте Демир Абсатаровтун тарткан сүрөттөрү кенен таркады. Бул жаш сүрөтчү жигит жөнүндө билгиси келип, кызыккандар көп болсо керек. Ал менен байланышып, маектештик.

- Саламатсызбы! Өзүңүз жөнүндө биздин окурмандарга айтып берсеңиз.

Саламатчылык! Атым Абсатаров Дамир 1989-жылы Ош областында Ноокат районунун Т. Кулатов айылында туулгамын. Бишкектеги Т. Садыков атындагы Cүрөт Көркөм Академиясында окуганмын.

- Сүрөттү мыкты тартат экенсиз, бул кичине кезиңизден башталган өнөрбү?

- Рахмат! Колдон келгенче аракет кылуудамын. Таятам, ата-энем сүрөтчүлөр. Ошондуктан, бир тууган карындаштарым жана мен кичинебизден тартып баштаганбыз, тубаса десек болот.

- "Жигитке жетимиш өнөр аз" - деген кеп бар. Сүрөт тартуудан башка дагы кандай өнөрүңүз бар?

- Сүрөт тартуу мен үчүн хобби катары. Андан сырткары, опера ырдаганды жактырам. Мурда бир бий группада заманбап бийин бийлеп жүргөмүн. Жей турган мастика материалдарынан жана башка нерселерден эстелик жасайм, ошондой эле ыр да жазам.

- Үй-бүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз. Канча бир туугансыз? Аларда да сиздегидей өнөрлөр барбы? Үйлөнгөнсүзбү?

- Үйдө төрт бир тууганмын, 3 кыз 1 уул. Баары эле сүрөт тартышат, ыр жазышат. Негизи ата-энем таланттуу болгондуктан, бизге да генден өткөн десем болот. Үйлөнө элекмин, буйруса эми үйлөнөм. Андан көрө кыз тапсаңар боло  (тамашалап).

- Садыр Нуркожоевичтин сүрөтүн тартканыңыз кенен тарады. Эмне үчүн сиз Садыр Жапаровду тарттыңыз? Ал менен кандайдыр бир байланышыңыз барбы же жөн эле сиз кумир туткан инсанбы?

- Буюртма менен ар кандай сүрөттөрдү тартам. Анан, бош убактымда, кыргыз элине көрүнүктүү, чыгаан, чынчыл, элдин кызыкчылыгын ойлогон, патриот инсандарды баалап, тартып жүрөм. Айта кетсем, жакынкы убактарда ажобуз Сооронбай Жээнбеков, Чыңгыз Айтматов, Сүймөнкул Чокморов жана Ч. Айтматовдун кээ бир чыгармаларына сүрөт тартып, видео түрүндө интернетке чыгарып жаттым. Ал эми учурдагы сүрөтүм Садыр Жапаровдуку болду. Ал дагы акыйкат үчүн күрөшүп, эл үчүн күйгөн инсан катары жалпыга белгилүү жана аны тартканымдын себеби да ушунда. Ушу менен гана токтоп калбайм жана эл ичинен чыккан көрүнүктүү инсандарды даңазалап тарта бермекчимин.

- Өнөр адамдары аябай маани берип, кылдаттык менен тартышат сүрөткө. Сиз тарткан ар бир инсандын орду чоң. Садыр Жапаров кандай сапаты, кандай жасаган иштери менен сиздин көңүлүңүздү бурду?

Ооба, кимдир-бирөөнү тартаарда анын мүнөзүнө, кимдигине карайм жана аны өзүндөй кылып окшотуу үчүн албетте, чоң кылдаттык, эринбестик керек болот. Садыр Жапаров, мисалы, мекенге чын дилинен күйүп, иш алып барганы башкалардан айрымаланып, элге жакшы белгилүү. Ошол үчүн кезектеги сүрөтүм дал ушул инсанга арналды.

- Ал сүрөт сиздин үйүңүздөн орун алабы же Садыр Нуркожоевичтин өзүнө белек кылып тапшырасызбы?

Ал сүрөттүн форматы анча чоң эмес, А4 форматында. Негизи? сүрөттү үйүмө калтырайын дегемин. Анан ойлосом Садыр Жапаровдун үй-бүлөсүнө тапшырганым оң экен. Кийин өзүмө Садыр Жапаровдун башка сүрөтүн тартып алам да.

- Садыр Жапаровдун сүрөтү интернетке тарагандан кийин, анын үй-бүлөсү же командасы тараптан сизге байланышка чыгыштыбы?

Садыр Жапаровдун сүрөтүн таркандан кийин, суроолор өтө көп келип жатат. Чынында, эл анчалык кызыгат деп ойлобоптурмун. Аны чыныгы жакшы адам катары тартканмын. Байланышка чыккандар болуп жатат. Садыр Жапаровдун партиялаштарынан дагы байланышышты.

- Сизге байланышка чыккандар кандай ойлорун билдиришти?

Мага байланышка чыккандар баары эле ыраазычылыгын билдиришүүдө. Ошондой болуп жатса сүйүнөт экенсиң, эл баалаган инсанды тарткан турбаймынбы деп.

- Сизге "буйрутма сүрөт тартып бер" - деп кайрылгандарга кандай баада тартып бересиз?

- Негизи Москва шаарында орустар менен иштешип, буйрутмага сүрөт тартып жүрдүм. Учурда Кыргызстанда тартып жүрөм. Албетте, Москвадагы баалар биздин жерибизде көпчүлүгүнө туура келе бербейт экен. Баанын сыры деле жок. Барактын форматына карап ар кандай баада: 1000 ден 5000 сомго чейин.

- Ырларыңыз мааниси терең, абдан курч жазылыптыр. Сиздин ырларыңызды окуган адам жан дүйнөсү толкуп, сиздей адамдар көп болсо экен деп тилешсе керек. Сиздин ар бир суроого берген жообуңуз да адамдын көңүлүн көтөрүп, купулуна толо турган жооптор болду. Ишиңизге ийгилик. Кыргыз элине дагы көптөгөн мыкты чыгармаларды жаратасыз деп ишенем. Азыркы заманда ар тараптан таланты бар чыгаан таланттар аз. Элибиз сизди баалап алат! Талыкпай эмгектениңиз. Бизге берген маегиңизге чоң рахмат! 

- Сиздердин жамаатыңыздарга да ыраазычылык! Күтпөгөндөн көңүл буруп маек курганыңарга рахмат. Кудай берген таланттарымды кар кылбай өркүндөтө бермекчимин. Мен үчүн Садыр Жапаровдун үй-бүлөсү менен жолуп өтүү мен үчүн чоң жаңылык. Негизи эле кыргызда ар бир төртүнчү үй таланттуу болот, андыктан, деги эле элибиздеги баардык таланттар өркүндөй беришсин жана аларды колдогондор да көбөйө берсин!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости