www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жатындын бүктөлүүсү жана бойго бүтүү

Жатындын бүктөлүүсү (загиб матки) – болжол менен жүз аялдын экөөндө гана кездешүүчү диагноз. Бул диагноз жатындын адаттагындан тышкары жайгашуусу дегенди билдирет, башкача айтканда анын бүгүлгөн жери алды жакка эмес, арт жакка – омуртка жагына туура келет. Жатындын бүктөлүүсү эмне менен коштолот жана бойго бүтүрүүгө кандай таасир этиши мүмкүн?

Жатындын бүктөлүүсү кайдан келип чыгат

Жатындын бүктөлүүсү тубаса патология болушу мүмкүн жана ал тукум кууп, энеден, чоң энеден кызга берилиши мүмкүн. Мындай аномалия сейрек кездешет жана кош бойлуулукка тоскоолдук жаратпайт.

Кээ бир факторлорпдун негизинде дагы ушул диагноз коюлушу мүмкүн, мисалы:

-эндометриоз,

-тез-тез ич катуу жана ичеги оорусу,

-өз убагында заара кылбоо,

-жатындагы жана энелик бездердеги киста жана шишиктер,

-жатындын сезгенүүсү,

-физикалык оор иштерди көп жасоо, өзгөчө айыз учурунда жатын канга толуп турган учурда оор жумуштарды көп жасоо.

Жатын булчуңдарынын тонусу төмөн болсо дагы ушундай аномалияга алып келет. Ал оор төрөттүн, бойдон алдыруунун жана операциянын негизинде пайда болот.

Белгилери жана диагностика

Көбүнчө жатындын бүктөлүүсү аялдарды тынчсыздандырбайт, аны бир гана ультра добуштук изилдөөдөн (УЗИ) кийин гана аныктоого болот. Бирок, эгер бүктөлүү чоң болсо, төмөндөгүдөй белгилер пайда болот:

-жыныстык катнаш учурундагы ооруксунуу,

-айыз учурундагы ооруксунуу,

-ичтин төмөн жагынын жана белдин оорусу,

-айыздын келүү мөөнөтүнүн бузулуусу,

-заара кылуу учурундагы ооруксунуу,

-ич катуу.

Диагностика учурунда кыйынчылык жаралып, врач жатындын кыймылдуулугун кармалап байкап көрөт. Эгер жатын кыймылсыз болуп, аны кыймылдатуу учурунда ооруксунуу пайда болсо, демек жабышып калган болот. Ал жатын түтүгүнө да таралып кетиши мүмкүн, бул бойго бүтүрүүнү начарлатат.

Эмне кылуу керек?

Эгер сага жатынтын бүктөлүүсү деген диагноз койсо, анын табиятын билүү керек. Жатындын тубаса бүктөлүүсүндө кош бойлуулук учурунда кыйынчылык болбош керек, болгону жатындын жайгашуу өзгөчөлүгүн эске алып, уруктук аталган органга жетүүсү үчүн өзгөчө позада кабыл алуу керек. Эгер жатындын бүктөлүүсүнө инфекция себеп болсо, анда аны тез арада дарылоо керек. Андан кийин бигирип калган жерлерди жок кылып, бойго бүтүрүүнү баштай берсе болот. Учурда гинекологиялык маселелерди чөчүүдө медицина бир топ алдыга кадам таштаган. Жатынтын бүктөлүүсү – бул тукумсуздук эмес, болгону наристе жытын жыттоо үчүн убактылуу кыйынчылык.

Булак: "kundemi.kg"

Последние новости