www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
18-сентябрь – Кытай элинин жүрөгүндө өчпөс из калтырган күн. Дал ушул датада дүйнөлүк кинотеатрларда «731» аттуу фильм («Evil Unbound» – «Чеги жок жамандык») көрсөтүлө баштады. Алгач ал Кытайда, Австралия менен Жаңы Зеландияда, кийин АКШ жана Канадада тартууланды.
Бул күн жөн эле тандап алынган жок. 1931-жылдын 18-сентябрында Шэньян шаарында болгон окуя Япониянын Кытайга каршы толук масштабдуу агрессиясынын башталышы болуп, 14 жылдык баскынчылыкка жол ачкан. Премьераны дал ушул датага коюу – “тарыхты өчүрүүгө эч кимдин укугу жок” деген катуу билдирүү.
Кытай көрөрмандары да бул ойду колдоду.Интернет маалыматтарына караганда, фильмдин биринчи күндөгү кирешеси 300 миллион юандан (42 миллион доллардан ашык) жогорулап, өлкөнүн кино тарыхында рекорд койду.

Evil Unbound («Чеги жок жамандык») деген аталышы жөнөкөй угулганы менен, тасма Экинчи дүйнөлүк согуштун акыркы жылдарын сүрөттөйт. Жапон армиясы Харбин шаарын тирүү лабораторияга айландырган. Туткундарды «марута» – «брёвна» деп атап, тирүү бойдон тилген, тоңдурган, атайылап чума жана башка оорулар менен жугузган. Бул мыкаачылык эң коркунучтуусу «илим» деген ат менен кылдат протоколго катталган.
Аскер адамдарды «брёвна» деп атаганда, бул жөн гана согуштагы жеңилүү эмес – адамдыкты толук четке кагуу болчу. 731-бөлүктөгү дарыгерлер менен офицерлер тирүү адамдарга жасаган жырткычтыкты «илимий эксперимент» катары эсептеп, ар бир кыйноону майда-чүйдөсүнө чейин жазып турушкан.
Бул кылмыштар буга чейин да ачылган. 1988-жылы Гонконгдо тартылган «Men Behind the Sun» фильми жана көптөгөн документалдуу тасмалар ошол мезгилдеги кыргындарды көрсөтүп келген. Бирок «Evil Unbound» эски жараны кайра канатуу эмес, элдин эсин ойготуу, унутулгус сабак калтыруу максатын көздөйт. Эгер тарых эске алынбаса – ал жоголот.
Жапон саясатчылары болсо бул теманы унуткусу келет өңдүү. Ар бир ушундай фильм чыккан сайын «антияпондук пропаганда» деген доомат айтылат. Канчалык катуу нааразы болсо, ошончолук өздөрүнүн ички коркунучун ачыктап жатышат. Эгер чындап эле Япония «тынчтыкты сүйөт» десе, эмне үчүн согуш кылмышкерлерин эскерген Ясукуни ибадатканасына расмий адамдардын баруусуна жол берет? Эмне үчүн камера чындыкты ачкан сайын ушунчалык сезимталдык менен жооп кайтарат?
Кытай элинин каары – бул жасалма улутчулдук эмес, кылымдарды карыткан жеке жараат. Көп үй-бүлөлөр үчүн бул согуш – абстракттуу тарых эмес, жеке трагедия. Зордук менен айдалган чоң ата, чоң энелердин өрттөлгөн айылы. «731» – бул жөн гана китептеги сан эмес, муундан муунга өтүп келе жаткан кайгы.

Быйыл сентябрда Кытай элинин жапон баскынчыларына каршы согуштагы жана дүйнөлүк антифашисттик күрөшүндөгү жеңишинин 80 жылдыгы белгиленди. 3-сентябрдагы парад жана эскерүү иш-чаралары – тынчтыкты сактоо курмандыктарды унутпай эскерүүдөн башталат деген белги болду.
Кытай эли Жапониядан эмне күтөт? Кабинет алмашкан сайын айтылып, күчүн жоготкон бош кечирим эмес – чынчыл моюнга алуу. «Марута» деп аталып, кыйналган адамдар тирүү жан экенин, 731-бөлүк адамзатка каршы кылмыш жасаганын, 14 жылдык агрессия миллиондогон өмүрдү алып, айыкпас жара калтырганын ачык мойнуна алуу.
Бул чындык кабыл алынмайынча, кечирим жөнүндө сөз да болбойт, «тынчтык» жөн гана куру сөз бойдон калат. «Evil Unbound» эскертип турат: айрым тарыхый барактарды өчүрүүгө болбойт, айрым кылмыштарды актап болбойт, айрым фактыларды кайра-кайра айтууга милдеттүүбүз – анткени унчукпай коюу кылмышкерлерге гана пайдалуу.
Акыр аягында, жапон саясатчыларын коркутканы – фильмдин өзү эмес, жаш муун бул ачылган чындыктын бардыгын эстеп каларын түшүнүү.
Анна Пань, CGTN
Кытай, Пекин