www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Өч 2» көркөм тасмасын 13-апрелден тарта өлкө аймагында көрсөтүү токтотулду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, министрликке караштуу Кинематография департаментинин комиссиясы протоколдук чечим кабыл алынган.
Эксперттик комиссия тарабынан тасманын мазмуну кеңири талданып, анын ичинде зомбулук, ырайымсыздык жана коомдук-адептик нормаларга каршы келген көрүнүштөрдүн басымдуулугу белгиленди.
Ошондой эле тасмада позитивдүү социалдык баалуулуктарды жайылтуу, зомбулукту айыптоо же тарбиялык маанини берүү элементтери жетишсиз экени айтылды.
Комиссиянын корутундусуна ылайык, аталган тасманын мазмуну коомчулукта терс реакция жаратып, айрыкча жаштар аудиториясына терс психологиялык жана моралдык таасир тийгизүү коркунучу бар экендиги аныкталды.
Ушуга байланыштуу төмөнкү чечим кабыл алынды:
“Кыргызтасмасы” киноборбору мамлекеттик мекемесинин директору А. Т. Тулекеев ээлеген кызматынан бошотулду.
“Өч 2” көркөм тасмасынын Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүү токтотулду;
кинотеатрлар, жүгүртүү уюмдар жана кино көрсөтүү менен алектенген башка субъекттер тасманы токтоосуз жүгүртүүдөн алып салууга милдеттендирилди.