www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык долбоорлорду ишке ашырууга жана жарандарды колдоого кошкон салымы үчүн бир катар компаниялардын жамааттарын сыйлады.
Тактап айтканда, «АБанк» ААКнын, «Элдик Банк» ААКнын жана «Кыргыз Агрохолдинг» ААКнын жамааттарына министрликтин Ыраазычылык каттары тапшырылды.
Сыйлыктар социалдык долбоорлорду ишке ашырууга, калкты социалдык жактан колдоого багытталган мамлекеттик программаларды өнүктүрүүгө жана жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга кошкон олуттуу салымы үчүн берилди.
Министрлик аталган компанияларга социалдык демилгелерди колдогону жана калкты социалдык жактан коргоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.