www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине байланыштуу «Бишкек Арена» стадионуна кирүүдө көрүүчүлөр текшерүүдөн өтөт.
Ички иштер министрлиги коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында стадионго алып кирүүгө тыюу салынган буюмдардын тизмесин жарыялады.
Стадионго төмөнкү буюмдарды алып кирүүгө болбойт:
тамак-аш жана суусундуктар;
тамеки, IQOS, электрондук тамеки, насвай жана башка никотин камтыган буюмдар;
сагыз;
айнек бөтөлкө, банка жана башка сынуучу идиштер;
чоң көлөмдөгү сумка, рюкзак жана чемодандар;
курал-жарак, бычак жана башка сайып-кесүүчү буюмдар;
пиротехникалык каражаттар;
аэрозолдук жана газ баллондору;
дрондор;
кесиптик фото жана видеоаппаратура;
радиостанциялар жана жогорку жыштыктагы байланыш жабдуулары;
музыкалык аспаптар, ышкырыктар жана мегафондор;
адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон башка буюмдар жана заттар.
ИИМдин маалыматына ылайык, чектөөлөр стадионго миңдеген көрүүчүлөр чогулуп, масштабдуу эл аралык иш-чара өтөрүнө байланыштуу киргизилүүдө.
Кооптуу буюмдардан тышкары, текшерүү иштерин кыйындаткан жана коомдук тартипке тоскоолдук жаратышы мүмкүн болгон нерселерди алып кирүүгө да жол берилбейт.
Министрлик көрүүчүлөргө сумка жана рюкзактарынын ичин алдын ала текшерип, стадионго эртерээк келүүнү жана коопсуздук кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууну сунуштады.
ИИМ белгилегендей, эрежелерди сактоо ачылыш аземинин коопсуз жана уюшкан өтүшүнө шарт түзөт.