www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү Татьяна Кимдин байлыгы бир жылда 2,1 млрд долларга азайды. Россиялык Forbesтин жаңы рейтингине ылайык, учурда анын байлыгы 5 млрд долларды түзөт.
Байлыгы азайганына карабастан, Ким Россиядагы эң бай аялдардын арасында биринчи орунда калды.
Рейтингде экинчи орунда Елена Батурина — 1,3 млрд, үчүнчүдө Людмила Коган — 1,25 млрд, ал эми Екатерина Федун 1 млрд доллар байлыгы төртүнчүдө турат.
Forbes маалыматына караганда, Россиядагы эң бай аялдардын жалпы байлыгы бир жылда 6,8 млрд долларга кыскарган. Долларлык миллиардер аялдардын саны 9дан 4кө азайган.