www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Charlie Hebdo жаңы жаңжал үстүндө

 

"Анкара түрк лидери Тайип Эрдогандын карикатураларын француздардын Шарли Эбдо журналына жарыялоону айыптайт жана аларды Франциянын президенти Эммануэль Макрондун "мусулмандарга каршы программасынын" жемиши деп эсептейт", деп билдирди Түркиянын президенттик администрациясынын коммуникация бөлүмүнүн башчысы Фахреттин Алтун. 

 

Charlie Hebdo буга чейин өзүнүн мукабасында Эрдогандын Париж менен Анкаранын ортосундагы мамилелердеги кризистин фонунда карикатурасын жарыялаган. Сүрөттө түрк лидери жарым-жартылай жылаңач отургучта оң колуна суусундук куюлган банка кармап отурат. Башка колу менен ал кызматчы аялдын көйнөгүнүн этегин көтөрүп турганы чагылдырылган. Карикатуранын титринде: "Эрдоган жеке жашоосунда өтө ойнокой" деп жазылган.

 

"Франциянын президенти Макрондун мусулмандарга каршы иш-аракеттери өз жемишин берип жатат! Charlie Hebdo жаңы эле биздин президенттин адепсиз сүрөттөрүн жарыялады. Биз бул басылманын маданий расизмди жана жек көрүүчүлүктү жайылтууга жасаган жийиркеничтүү аракетин айыптайбыз", - деген сөздөр Твиттерде тарап жатат. 

 

Ошондой эле көпчүлүк, "расисттик, ксенофобиялык, исламофобиялык жана антисемиттик тукуруу Түркияны өч алуу аракетине түртө албайт"- деп белгилешет. 

Эске салсак, мындай чуу Франция экстремист тарабынан өлтүрүлгөн мугалимдин окуясынан башталат. Ислам динине тиешелүү Макрондун сөздөрүнө комментарий берген Эрдоган да Шарли Эбдо басылмасы тарабынан шылдыңга түштү. Франция менен Түркия лидерлеринин кайым айтышуусу эки улут аралык ызы-чууга алып келүүдө.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости