www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чегирткелер кыргызга каптап далай ирет боз үйдүн жабуу, үзүк-боолорунун тамтыгын калтырбай жеп кыргыздарга бүлүк салып кетчү дешчү эле илгеркилер.  Акыркы жылдары химиялык каражаттарды мындай зыянкечтерге каршы колдонуп,  чегирткелердин сансыз тукумунун түбүнө жетип келатабыз. Чегирткелердин 18 жылда бир чыгып каптай турган түрлөрү да бар. Баткен шаарынын айлана –тегерегин чегирткелер каптап айыл-чарба өсүмдүктөрүн жайлап кете баштаптыр. Азыркы учурда химиялык каражаттарды пайдаланып жатса да натыйжа бербей жатышат дешет, анын үстүнө химиялык заттарды туш келди колдонууга болбойт. Аймактык химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн башчысы Добутов Мунарбек муңкана баштаптыр: “ Атайын адистер токтоосуз чегирткелер дин каптоосу менен күрөшүп жатышат. Бирок түшүм  өсүп калган бактарга химиялык каражаттарды пайдаланууга болбойт.  Бул ошол эле түшүмдү пайдаланышкан адамдардын ден -соолугуна терс таасирин тийгизет “.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости