www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернет желесинде Бишкекке “спецназ” келгендиги боюнча маалымат тараган. КРнын УКМКсы расмий түрдө, Бишкекке Ош УКМКсынын атайын даярдыктагы кызматкерлери келгендиги боюнча тараган маалымат жалган экендигин билдирди.

Билдирүүдө, УКМК эч кандай атайын бөлүмдөрдүн катышуусунда атайын даярдыктарды өткөрбөгөнү айтылат. Алар бул маалыматты саясый –коомдук абалды курчутуу деп баалашты. Ушуга байланыштуу УКМК аталган маалыматты тараткандардын өздүгүн тактоодо.

Андан тышкары, жалган маалымат таратууга кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости