www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Убагында Англиянын колониясынан араң бошонгон Индия бүгүнкү күндө кино тармагы менен аларды бомбалап жаткан кези. Болливуддан дагы бир кино. Кинонун аты — «Индостандын «бандасы» же экинчи дүйнөлүк согушта абдан чоң жардамы тийген жергиликтүүлөрдөн куралган «партизандар»…
АКШнын белгилүү экономисти айткандай, «зоордук-зомбулук менен бир өлкөнү аз убакытка кармап турууга болот, а экономика менен дүйнөнү багынтууга болот». Ар убакта амалкөйлүк адамдын алмашкыс куралы болуп бере алат. Анткени тарыхта канчалаган кудуреттүү кол башчылар амалкөйлүктүн курмандыгы болушкан. Мисал катары Гундардын падышасы Аттила римдиктердин аял менен байланышкан тузагына илинип, одүйнө салганын айтсак болот. Же болбосо Напалеондун Орус империясынан жеңилүүсүн, 200 миң аскерлерди баштаган Перс падышасынын 60 миң аскер баштаган македондук Александрдан жеңилүүсүн белгилесек көптүк кылбайт.
Жогорудагы кинодо дал ошондой амалкөйлүк кинонун башкы образын чагылдырып турат. Тасма реалдуу фактыларга негизделбегени менен чындыгында эле Индия амалкөй баштоочусу Махатма Гандинин аракеттери менен эгемендүүлүккө жетишкенин баарыбыз жакшы билебиз.
Эшек минген каарман тасманын башында эле Англиянын жергилктүү аскерлери белгиленген жерден өтүү үчүн жергиликтүү соодагерден салык сурап жаткан эпизодунан аралашат. Ал анда да өзүнүн юморду катыра айткан мүнөзү менен салыкты соодагерлерге төлөтүп өтүп кетет. Дал ошол эпизоддо англичандардын салык жыйноочуларын эшекке теңеген жери да бар.
Тасманын дагы бир белгилеп коюучу эпизоду индиялык «партизандар» колдонгон желектеги сүрөт биздин туудагы түндүктүн жана күндүн элесине куюп койгондой окшош. Анан калса биздин гербдеги эркиндиктин символу болгон ак шумкар кара түстө болуп индиялык «бандаларга» асмандан колдоо көрсөтүп жүрөт.
Англиянын аскер башчысынан ажал тапкан падышанын кызы өзгөчө өжөрлүгү, шамдагайлыгы менен тасманы көрккө бөлөгөн. Дал Голливуд же Кытайдын кино тасмаларындагы каармандардан ашып түспөсө да, кем калбайт. Реалдуу тарыхта байыркы кул элөөчүлүк доорундагы Спартак баатыр (бизче айтканда кулдардын согуш өнөрү боюнча чемпиону, кулдарга аз убакыт болсо да эркиндик абасын дем алдырган байыркы италиялык баатыр) бештен ашуун жоокерди бир өзү жексен кылып коё аларын окуп калган жайым бар.
А мында башкы каармандар бир нече англис аскерлерин алыс аралыкка учура урганы Болливуд кино тасмаларынын ар биринен болбосо да дээрлик көбүндө кездешүүчү боёктуу кадрлардын бири десек болот. Чындыгында көркөм кинонун боёгу ушунда эмеспи. Муну көрүп биздин Манас баатырды кыргыз кино чеберлери качан ушинтип тасмалаштырат деген ойго келесиң. А бирок биздин киночулар али мындай тасмаларды тартуу далалатын жасай элек.
Эшек минген каармандын жоруктары, айрыкча жергиликтүү каракчыларды англис аскерлерине кармап берген окуялары эчак эле башкы кол башчынын кулагына жетип барган болот. Кинодо аталган «ак денелүүлөрдүн» башчысы аны кинодогу башкы кармандар болгон «партизандарга» тыңчылыкка барарын тапшырат. Андан соң деңизде англис аскерлеринен ажал тапканы калган эшекчен баатыр турган кемеге кокустан чабуулга келген «баатырлар» менен кинонун башында англис аскер башчысынын огунан ажал тапкан падышанын кызын куткарган адам болуп, ошол эле эпизоддо алардын ишенимине кирет. Андан ары бир аркы өйүзгө, бир берки өйүзгө өтө качкан эшекчен баатыр акыр аягы ашынган амалы менен баягы тасмада зулум катары таасир калтырган англис аскер башчысынын амалын курат. Али да Англиянын колониясы убагында чукур жараат калган индия эли минтип кинолору аркылуу өздөрүнүн илгерги муңун бүткүл дүйнөгө шардана кылып жатышат.
Кинолору Голливуддун тасмаларына жетпесе да айтайын деген сөзү үчүн Болливуд киносунун күйөрманы болуп жүрөм. Айтмакчы, кино 2018-жылы чыккан. Анда башкы каармандардын ролун Амитабх Баччан, Амир Хандар ойнойт.
Посту кокустан окуп калгандардан ашынган ойлорум үчүн кечирим сурайм.Балким «Яш Раж» кино компаниясы бул киносу менен башка нерсени айткысы келгендир же жөн гана фантастикалуу кадрлары менен кино сүйүүчүлөрдү тартып, акча иштегиси келгендир. Бирок мен кинону өзүм ойлогондой түшүнөм. Андыктан акылсыз фейсбук колдонуучусун Цукерберг да түшүнөр деген ойдомун.
Булак: Рухэш