www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жол кырсыгына кабылган өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев эртең ооруканадан чыгып, ишке киришет. Бул тууралуу облустук администрациядан кабарлашты.
Жол кырсыгы 23-ноябрда эртең менен облус жетекчиси Бишкек — Торугарт жолунун 156-чакырымында баратканда болгон. Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү кызматтык автоунааны Ак-Суу районунун тургуну, 24 жаштагы жигит айдап баратып рулду башкара албай калганы айтылат. Мунун кесепетинен жолтандабас оодарылып кеткен. Салондогу Жантаев жеңил жаракат алып, Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылган. Кийин аны дарыланууга Бишкек шаарына которушкан.
“Жетекчинин абалы жакшырып калды. Ал тургай облусту өнүктүрүү боюнча Бишкекте бир катар жолугушууларды өткөрдү. Эртең ооруканадн чыгып, ишке киришет”, — деп айтышты маалымат кызматынан.
Эске салсак, Жантаев Ысык-Көл облусуна жетекчи болуп ноябрь айында дайындалган.
Булак: NazarNews.kg