www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда чет элдик жаран дээрлик 60 млн сомдук баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 42 жаштагы Ж.А. аттуу чет элдик 3-ноябрда 9 кг 980 грамм мефедрон синтетикалык баңгизаты менен колго түшүрүлгөн. Аталган маңзаттын 1 граммынын баасы 6 миң сомду түзөт. Ал эми 9 кг 980 граммдын баасы 59 млн 880 миң сомго жетет.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (Ири өлчөмдө баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу, жөнөтүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда аталган ишке тиешеси бар адамдарды издөө иштери жүрүүдө.

Акыркы кезде баңгизатты жайылтууга, анын ичинде синтетикалык маңзаттарды сатууга жаштар тартылып жаткандыктан, УКМК ата-энелерге кайрылып, балдарына көз салууга чакырат.

Мыйзамга ылайык, баңгизат сатуу менен алектенген адамдар 14 жаштан баштап кылмыш жообуна тартылат жана ал үчүн 12 жылдан 15 жылга чейинки жаза каралган. Аны менен бирге мүлкү конфискацияланат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости