www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул убакта казак чиновниктерине пара бергендигин монаколук Unaoil компаниясынын башчылары, ага-ини Сайрус жана Саман Ахсанилер мойнуна алышкан. Бул боюнча АКШнын Юстиция министрлиги кабарлаган маалыматта айтылганы менен, аларга карата сот өкүмү эмдиги жылдын 20-апрелинде чыгары белгиленген.
Анда айтылгандай, Ахсанилер 1999-2016-жылдары Алжир, Ангола, Азербайжан, Конго, Ирак, Казакстан, Ливия жана Сирия өлкөлөрүндөгү көптөгөн мунайгаз компаниялары менен кутумга барып, пайдалуу келишим түзүү үчүн бийлик өкүлдөрүнө пара берип турушкан.
Ошондой эле бул бир туугандар менен бирге компаниянын бизнести өнүктүрүү боюнча директору Стивен Хантерге да айып тагылган. Ал 2009-2015-жылдары ливиялык атка минерлерге пара берүүгө көмөктөшкөнү айтылууда.
Ал эми казак бийлиги азырынча буга жооп кыла элек. Анын үстүнө америкалык министрликтин маалыматында деле кайсы чиновник пара алганы жана ал каражаттын көлөмү канча экени так айтылган эмес.
Булак: NazarNews.kg