www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пандемиянын биринчи толкунунда чет өлкөдөн алынган жардамдын коротулушун иликтөө боюнча өкмөттө жумушчу комиссия түзүлдү. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, комиссиянын курамына ар кайсы тармакта иштеген 30 адам кирет.
"Жумушчу комиссия бүгүндөн тарта ишке киришет. Алар 10 күндүн аралыгында күнү-түнү иштеп, жыйынтыгын алып келишет. Кандайдыр бир маселелер менен сиздерге келсек колдоп беришиңиздерди сурайбыз", — деп депутаттарга кайрылды Сурабалдиева.
Белгилей кетсек, соңку маалымат боюнча коронавирустун кесепетинен улам Кыргызстанга чет элдик донорлордон 350 миллион долларга жакын каражат алынган. Жакынкы күндөрү дагы 429 миллион 704,6 миң доллар алуу пландалып жатат. Мындан сырткары, гуманитардык жардамдар дагы келип жаткан.
Булак: NazarNews.kg