www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын 21-январь күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБне “Кыргызнефтгаз” ААК өкүлү Р.А. арыз менен кайрылып, анда жаран К.Осмоналиевди кылмыш жоопкерчилилигине тартууну суранган. Бул тууралуу Бишкек ш. Ленин райондук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Арызында 2020-жылдын 13-январь күнү “Vesti.kg” маалымат порталына берген интервьюсунда К.Осмоналиев “Кыргызнефтгаз” ААК башчыларынын жана чиновниктеринин ишмердүүлүгүнүн айынан Кыргыз Республикасы миллиардга жакын акча каражатын жоготууда жана “Кыргызнефтгаз” ААКнын башчылары чет өлкөлүк компаниялар менен жалган пайдасыз келишимдерге кол коюуда, ошондой эле диверсияларга жана келишимдерге жамынып алышып кылмыш жасап жатышкандыгын билдирген.
Аталган арыз Ленин районунун ИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 163-беренеси (Билип туруп жалган жеткирме берүү) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, жазуу жүзүндөгү бардык арыздар КЖБР милдеттүү түрдө катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынат.
Булак: NazarNews.kg