www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кой-Таштагы окуялар боюнча оор кылмыштарга шектүү катары абакта отурган Равшан Жээнбековдун жактоочусу Замир Жоошев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) «саясатчы отурган камерадан телефон табылды» деген билдирүүсүнө жооп бергенин “Азаттык” жазып чыкты.

Жоошев «табылган телефондорду ким, кантип киргизгени» жөнүндө суроо салат.

Маалымат боюнча, ЖАМК камакта отурган Равшан Жээнбековдун Кыйноого каршы борборго кайрылганы боюнча билдирүү тараткан. Маалыматка ылайык, ЖАМКтын борбордук аппаратынын кызматкерлери 28-январь күнү №1 тергөө абагындагы № 307 камераны капыстан тинтүүгө алышкан. Ал камерада саясатчы Равшан Жээнбеков жана башка кишилер болгон.

Мекеменин маалыматы боюнча тинтүүдө камерадагы тамак-аштын арасынан эки телефон, самынга катылган бир телефон табылган. Табылган телефондордун симкалары болгон. Тинтүү саат болжол менен 21:30дан 22:30га чейин болгон. ЖАМК өз билдирүүсүндө Равшан Жээнбеков айткан дооматтарды четке кагууда.

29-январда адвокат Замир Жоошев Кой-Таш окуяларына байланыштуу шек саналып, №1 тергөө абагында отурган Равшан Жээнбековдун камерасын текшерүү учурунда абак кызматкерлери ага орой мамиле кылышканын айтып чыккан. Саясатчы өзү Кыйноого каршы улуттук борборго кайрылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости