www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Чолпонбек агай, Баш мыйзам долбоорун талкуулап жатып, улутубуз, кыргыз элибиз үчүн кам көргөн өзгөчө идеяларды көтөрүп, сунуштап чыктыңыздар. Бул боюнча кененирээк өзүңүз дагы айта кетсеңиз?

-Учурда Баш мыйзамдын долбоорун талкуулап жатабыз. Долбоорду талкуулоодо Баш мыйзамды улуттук Баш мыйзам кылууга, улутубуздун келечегине кам көрүүгө аракеттер болууда. Анын ичинде өз мекенибиз Кыргызстанда гана өсүп-өнүгө алабыз, Кыргызстанда гана салтыбызды сактай алабыз.

Мунун баарын Баш мыйзамда чагылдырганга аракет көрүлүп жатат. Себеби, буга чейинки Баш мыйзамдарда кыргыз улуту жөнүндө каймана эле сөз болбосо, мындай маселе козголуп, тикелей сөз болчу эмес.

Биз, кыргыздар Кыргызстанда эле өнүгө аларыбызды жакшы түшүнөбүз, биздин улут катары өнүгө ала турган башка жерибиз жок.

Ал эми Кыргызстанда жашаган көптөгөн башка улуттардын өздөрүнүн түпкү мамлекеттери же улуттары бар. Мисалы, орус улутундагылар үчүн килейген Россия. Өзбек, Казак туугандарыбыз үчүн өз өлкөлөрү турат.

Алардын наркы, салты, улуту жок болуп кетет деген коркунучтар жок. Кыргыздар эгер нарк-салтыбызга, тилибизге өзгөчөлүгүбүзгө кам көрө албасак, анда биздин келечегибиз коркунучта.

Ошондуктан ушул маңыздагы талаптарды Баш мыйзамга киргизүүгө аракет кылдык.

Булак: "Азия News" гезити

Последние новости