www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө аял бетинен жаракат алып, жаагы сынып ооруканага түшкөн. Аны сабаганга шектелип 64 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда Чүй облусунун ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин Жайыл районунун аймактык ооруканасынын бөлүмүнө С.А. аттуу жаран бетинен жаракат алып, жаагы сынган бойдон келип түшкөн.

Бул факт Жайыл районунун Ички иштер бөлүмүнүн КЖБРне  каттоосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси менен сотко чейин өндүрүш иши башталган.

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Жайыл районунун ИИБнүн кызматкерлери бул кылмышка шектүү деп, 64 жаштагы О.О. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган.

Кармалган адам милиция  бөлүмүнө жеткирилип, Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости