www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө кошунанын унаасын айдап качкан жаран беш унааны сүзүп, андан соң кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 3-июль күнү болгон. Анда Александровка айылынын тургуну кызматкерлерге кайрылып, уулу коңшунун Ford Transit үлгүсүндөгү унаасын сурабай айдап, Бишкекти көздөй чыгып кеткенин айткан. Ошондой эле ал киши уулунун айдоочулук күбөлүгү жок экенин жана психикалык жактан ооруй турганын билдирген.

Унаанын артынан инспекторлор кууп жөнөгөн. Ал эми унааны айдаган бала мал базардын жанынан бир унаа менен сүзүшкөн. Бирок ал токтобой кете берген. Ошондой эле постто нөөмөттө турган кызматкерлерди унаа сүзүп кете жаздап, токтобостон өтүп кеткен. Айдоочу шаарга келип, Гагарин көчөсүнөн эки унаа менен сүзүшкөн. Андан соң Асаналиев көчөсүнөн дагы бир Toyota Camry менен сүзүшүп, анан кармалган. Жыйынтыгында беш унаа жабыркаган. Анын бири инспектордун унаасы.

Айдоочу кармалып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости