www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда башка мамлекеттер сыяктуу эле коронавирус бир тараптан жүрөгүнүн үшун алса, бир жагынан пневмония илдети эч кандай белгилери байкалбай эле өрчүп кетип жатат. Бул дарттардан бүгүнкү күндө Кыргызстанда 92 адам коронавирустан, 192 адам пневмониядан каза болду.Мындай кыйынчылык башка түшүп жатканда мамлекет тарабынан эмне жардам болор экен деп эл күтүп турушат. Бирок, мурун алынган тышкы карыздар эле Кыргызстанды муунтуп келатат. Алсак, 2020-жылдын жарым жылдыгы үчүн мамлекеттик карыздарды тейлөө үчүн эле 15 миллиард 972 миллион 100 миң сом кетти. Алардын ичинде мамлекеттик тышкы карыздарга 7 миллиард 608 миллион 300 миң сом кетсе, мамлекеттин ички карыздарына 8 миллиард 363 миллион 800 миң сом кетти. Өнүккөн жыйырма мамлекеттин тиешелүү адамдары жолугушкан учурда  башка карызы бар мамлекеттердин тышкы карыздарын коронавирустун жайылып жатканынан улам убактылуу токтотуп туруу маселеси каралган. Кытай өнүккөн жыйырма мамлекеттердин карыздарды тейлөө төлөмүн токтотуу демилгесине активдүү катышкан. Ушундан улам Кытай 1 миллиард 800 миллион доллар бересеси бар Кыргызстандын карыздарын токтотуп жатат. Бир аз мурун  Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытайдын башчысы Си Цзиньпинь менен телефон аркылуу сүйлөшүп, карызды төлөөдө жеңилдик берүүсүн өтүнгөн.. Азыркы учурда Кытай  өнүгүп келе жаткан 77 мамлекеттен карызды өндүрүүнү токтотуу жарыяланды. Кыргызстандын тышкы карызы 3,9 миллиард доллардын тегерегинде. Анын 1 миллиард 800 миллион доллары Кытайга туура келет.

Кыргызстандын мамлекеттик карыздары  4 миллиард 700 миллион долларга чыкты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости