www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында кечээ, 6-июль күнү саат 17:40 чамасында Кызыл-Бел тилкесинде жер көчүп, унаа жолду тосуп калды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабыркаган адамдар жок. Унаа жолду тазалоо үчүн 1 жүктөгүч, 2 самосвал тартылып, унаа жол бир тараптуу ачылган. Кеч киргендигине байланыштуу саат 20:20да тазалоо иш-чаралары убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 7-июль күнү иш кайрадан улантылат.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости