www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу  Кыргыз элинин акылы тунук жарандары! 

Сиздер менен өзүмдүн жекече көз карашымды төмөнкүдөй мазмунда бөлүшкүм келет.

Анткени учурда, COVID-19, пандемия менен күрөшүүдө Өкмөт, бийлик тарабынан колдон келишинче аракеттер жасалып жаткандыгы, күндөлүк штабдын билдирүү отчетунан белгилүү. 

Штабдын талаптарына, эскертүүсүнө карабай, санитардык эрежелер толук сакталбады. Аралыктан сактануу эске алынбады. Коронавирус  контактар аркылуу эбегейсиз кулачын жайды.

Саламаттыкты сактоо тармагынын кудурети, көрүлгөн даярдыктар талапка жетишээрлик жооп бербей, вирус жуктуруучуларды дарылоодо бир топ ыңгайсыздыктар жаралгандыгы анык.

Өкмөт жана саламаттыкты сактоо министрлиги, коронавирус боюнча күрөшүүгө карата түзүлгөн штаб, Президенттин коопсуздук кеңешинде январь айынан баштап, кайталап айткандыгына карабай, алдын ала, тиешелүү жабдыктар менен камсыз кылышпады. Кошумча ооруканаларды утурумдук уюштуруп турууну жетишээрлик жасашпады.

Натыйжада коомчулукта, элдин нараазычылыгы пайда болгондугу ачыктан ачык белгилүү болду. Түрдүү ача пикирлер жаралгандыгы реалдуу жашоонун чындыгы. Ошондуктан, туураны катаадан, жарыктыкты карангылыктан айрып билген маанайы жарык акылман адамдарга кайрылам!

Биринчиден Өлкөбүз экономикалык жактан кыйналып турганда, четтен карап турбай, Өлкө боюнча жети дубан, эки шаарда өзүнүн күч-аракетин, финансалык каражаттарын аяшбай, элдин өмүрүн сактайм деп, ар тараптуу кол кабыш кылып, убактылуу оорукана, күндүзгү дарылануучу стационардык орундуктарды уюштурушуп, жасалма дем алдыруучу ИВЛ, концентраттык кислород аппараттар,атайын коргонуучу кийим кечек аппараттар менен, оругандарга, медкызматкерлерге 3 маал тамак аштар, керек болсо врачтар, медайымдардын жатаканасы, тамак ашы, айлык акысынан бери төлөп берүүнү, жоопкерчилике алып, колдоо көрсөтүшүп жаткан катардагы кайдыгер эмес жарандарга, кайрымдуулук фонддорго жалпыбыздын атыбыздан ыраазычылык билдирели.

Элибизде мекенчил уул-кыздарыбыз, элдин оор күнүндө кайрымдуулук фонддор, өз колун сунган азаматтарыбыз бар экен, көптөргө окшоп элдин башын айландырып бурмалашкан жок, биздин акылыбызды адаштырбай өз иштерин элге арнашты, улантып жатышат. Демек, биздин мамлекетте жакшы мекенчил, эл үчүн оор кырдаалда тигинен туруп бере турган жарандарыбыз бар экендигине сыймыктаналы.

Демек, ар кандай оор күндө биздин элибиз биримдикте туруп, ынтымакчылык менен ар кандай түйшүктү жеңип чыгаарыбызды дагы бир жолу далилдедик.

Мамлекетибизде азырынча ашыкча акча каражатыбыз жоктугуна байланыштуу башка, кошуна мамлекеттер сыяктуу өтө кыска убакыттын бир айдын ичинде  оорукана салып оорулуулар үчүн керектүү баардык шартты биз ойлогондой  түзүп бере албай тургандыгы түшүнүктүү.

Бул маселе кечээ же бүгүн же эки жыл мурун пайда болгон жок. Бул көп жылдык көйгөйлөр. 20,25 жыл ичинде Саламаттыкты сактоо тармагына 100 мллион доллардан ашык түрдүү долбоорлор аркылуу акча каражаттары келгени менен,бир да оорукана курулган эмес. Бул реалдуу ачуу чындык.

Биз баарыбыз көрдүк Италияда ж.б өнүккөн өлкөлөрдө бул апаатты жөнгө сала албай жатат жана мен деген акылдуу адамдар да бул вирусту толук изилдеп жыйынтык чыгара албай жатышат.

Экинчиден баарыбыз бир нерсени жакшы түшүнөлү.

Чындыгында, биз кен байлыктары ашып-ташкан өлкө эмеспиз.

Биздин жерибиздин 80%ти тоолор, ал жерлерге эчнерсе өстүрө албайбыз. Болгон байлыгыбыз айкөл көп улуттан турган калкыбыз.

Кептин ачыгы бизге өзүбүздөн башка эчким күйбөйт. Кала берсе мындай кризистүү кырдаалда эч кандай чет өлкө бизди колдобойт. Турмуш өзү көрсөттү. Жеп койду, ичип койду деп Өкмөткө, бийлике коюлуп жаткан 600 миллион долларга жакын сумманын 9 миллиону эле келип түшүптүр. Калганы али кагаз жүзүндө экен. Эми эле ратификация болуптур.

Биз белди бекем бууп кайраттанып, эл менен бирдикте, бир муштум болуп, түйүлүп, мамлекеттин башына, элдин башына түшкөн вирус менен күрөшүү согушунда алга карай жылалы.

Мага өкүнүчтүү болгону, бардык түйшүктүн себепкери бир гана Президент болуп, Президентке дооматты коюп, коомчулукта туура эмес түшүнүктөр пайда болуп, Парламенттик башкаруу болуп эсептелген Жогорку Кеңеш, ЖК түзгөн негизги аткаруучу бийлик Өкмөттүн чабалдыгы, жоопкерсиздиги ушул акыбалга алып келди деп ойлойм. Анткени Текебаев менен Атамбаевдин Конституциясы  боюнча Президенттин укуктары бүт чектелген. Премьер-министр менен Өкмөттө бийликтин, укуктун баары, Жогорку Кеңеште.

Керек болсо Атамбаевде болгон укуктар да жок. Конституцияны талкалап салышкан. Колу буту байланган. Аша чапсаң бийликти узурпация кылды, Өкмөттүн укугун аткарып жатат деп, кыйкырып чыгышууда.

Президент келе сала 30 жыл талкаланган өлкөнү 3 жылда оңдоп жибергидей сыйкырчы эмес да. Бирок Президент  аракет кылып жатат. Аны түшүнгөн, акылы тунук адамдар түшүнүп турат. Баарынан да Президент Кудай алдында өз Кыргыз элинин алдында абийири таза экендигин өзү бир канча жолу кайталап айтып келет. Ар качанда жүзү жарык. Түнү күнү колдон келгенин жасап иштеп жатат.

Эске салсак баардык СНГ мамлекеттери боюнча биринчи болуп элдин камын көрүп, вирустан сактануунун алдын ала аракетин баштап, өзгөчө кырдаалды  киргизип, бардык тиешелүү органдарга тапшырма бергенинин билебиз.( Албетте алар берилген тапшырманы аткаруу бийлиги кандай аткарганы экинчи орунда). 

Аты жаман оору экономикабызга тийгизген терс таасирине карабай элдин өмүрүн, ден соолугун ойлоп убагында чечим кабыл алып карантин жарыялады. 

Бул ишке өзү киришип обочолонууда кандай шарттар аткарыш керек.

Эмнеден сактанышыбыз керек. Тиешелүү органдарга коопсуздук кеңештеринде катуу эскерттип жатты.  

Эки ай карантинде  эл өзүбүз жакшы отуруп бердик,ага чыдабадык,карантинди бүткөрүүнү талап кылдык. Карантинден кийин санитардык эрежени сактабадык, кайра-кайра айтылган талаптарды аткарбадык. Мойнубузга алып көрбөйлүбү карантин бүтөөрү менен койдой жайылдык. Топтолбогула аралыкты сактагыла деген сөздү эч ким укпадык.Эгерде санитардык эрежени өзүбүз сактаганыбызда, бүгүнкү акыбалга түшпөйт элек. 

Буга чейин бизде ар түрдүү президенттер болду. 

Акылдуусу да принциби жок киши өлтүргүчү да, алкашыда. 

Ким эмне десе жанында жүрүп жонун таптап сен азамат десе мардайып өз башы менен ойлоно албаганы да болду. Айтмакчы карыз жөнүндө мен жакында эле ТАЗАБЕК. КГ сайтынан окуган маалыматка көңүл бурдум. 

А билесизби эмне үчүн биз кыска аралыкта оорукана салганга шартыбыз жок калды. 

Анткени мына ошол көп жылдык менин сиздин мойнунуздагы төлөнгөн карыздар себеп деп ойлойм. 25жыл ичинде мектептерден башка алгылыктуу балдар бакчалары, өндүрүштүк ишкана мекемелер, ата мекендик завод, фабрикалар жок болсо жок болуп, бирок бир да курулбаптыр. Коррупциянын кандай деңгээлде гүлдөп өскөнү (улуу муундагылар) баарыбызга маалым эмеспи.  Анан кандайча биз туруп эле көр болгондой эчнерсе билмексен болуп чыга келдик.

Баарын жыйыштырып коюп, сен күнөөлүүсүң дегендей учурданы Президентке, азыркы бийлике баарын шылтоо кылып сен күнөөлүүсүн деп догурунганыбыз, мыйзамга эмес, Кудайга да жакпайт деп ойлойм.

Президент коррупция менен күрөшүүгө өзү бел байлап андан түшкөн каражат бала бакча, мектептер салынып жатат. Бул факт. Бул жерде мен Президентти да бир аз күнөөлөгүм келет.

Азыр заман талабына ылайык аткарылган иштер боюнча элге отчет берип, ММК лар аркылуу билдирүү тараттырып туруш керек эле. Президенттин басма сөз катчылыгы заманбап технологиялар аркылуу интернет булактардан Президенттин аткарган ишин карапайым элге жеткирип туруу керек деп ойлойм. Президентти элдин алдында, ыңгайсыз абалга калтырышты. Эч нерсе жумуш жасабай уктап олтургандай элес калтырышты. 

Бирөө бир бак тиксе да да өзүн пиарлап интернетке чыгарып тургандыгы жалганбы. Элге ММКлар аркылуу жетип турчуу.

Өкүнүчтүүсү биздин Президент өзүн өзү пиарлаганды жакшы көрбөйт окшойт.

Менин байкашымча, бул киши мындайды жактырбайт экен. Унчукпай сөзүнөн иши көп болуп, иштей берет экен. Аз сүйлөп,к өп иш кылган сабырдуу Президенттин эмгегин да баалашыбыз керек.

Кооз сүйлөп, уурдап кеткен Президентти да көрдүк. Буга чейин коррупция болуп көрбөгөндөй гүлдөп өскөн убакта да Аша чыгып сулуу сүйлөп алтындарым деп баардыктан өзүн пиарлап койчу. Отурган резиденциясынан кадам чыкпай жүргөндүгүн ким тана алат.

Учурда Президент эрте мененки саат  6,7ден баштап ,түнкү 10,11 ге чейин отуруп иштеген күндөрү болот экен. Бул акыйкат. Чыныгы эмгекти айтпасак, диванда олтуруп алып, акаарат кылып, жекече ар намысына шек келтиргендер көбөйүп кетти.

Президентти Президенттей сыйлап, колдон алып, кубаттап, айтканын жасап, биримдикте, ынтымакчылыкта болсок анан өсүп, өнүгөбүз. Ар нерсенин кор тутсаң, каарына каласың. Өзүбүз ниетти түздөбөсөк, эки баштуу Президент келсе да, бүгүнкүдөй мамиле боло берсе жок болуп, кул болуп калуу коркунучу алдыбызда турат.

Мына ким ууру, ким туура экендигине ой жүгүрткүлө жакшылар. Ким бюджетти тоногон, ким бюджетти жеткире албай кыйналып келүүдө түшүнүп алгыла. Бирок Атамбаев кооз сүйлөй алчу анан да орусча так таза сүйлөчү. Анын айланасындагы күн көргөн кун карамалар өздөрүнүн кылмышын жашырыш үчүн азыр оозунан көбүгү чыкканча сүйлөп коргоп жатышат. Билесиздерби эмнеге мен мунун баарын жазып жатам. 

Билем бот, пахтакойгуч, дагы бирдеме дейт чыгарсыңар. Таза адамдар адамдардагы тазалыкты көрөт ал эми жан дүйнөсү кир, мурдунан алысты көрө албаган адамдар жамандыкты гана көрөт. Ошондуктан мен башында жан дүйнөсү таза, аруу адамдар деп кайрылдым. Мен бот да башка да эмесмин. Жөн гана карап отуруп, акыркы күндөрдөгү бетин жуубаган, диванда олтуруп алып, түрдүү фейкттер менен түрдүү темаларда мазактаган сөздөрдү окуп, бир бирин митингге чакырып, өздөрүнчө баатырсынган чакырыктарды көрүп, COVID-19 пандемиясын учурдагы Президент чакырып келгенсип, күнөөлөгөн сөздөрдү укканда кыргыздын мекенчил кызы катары айтпай койгонго акым жок деп эсептеп, акылы тунук, жакшылап сиздер менен ой бөлүшүүнү туура таптым.

Президенттибизди гана аядым.. 

Мейли баарына тарых баа берет. Мен ишенем. Тарых күбө жана биздин бул Президент тарыхта эң мыкты адам катары калат!

Азыр биздин максат, мамлекетке жардам берип, ПАНДЕМИЯ менен күрөшүп, жеңип чыгуу максат болуш керек. Айрым учурдан пайдаланып, бийлик кумарынан арыла албай жүргөндөрдүн курмандыгы болгондон оолак болушубуз абзел.

Урматтуу акылы тунук, жарык адамдар жогоруда мен айткан ойлорго өзүңүздөр да ой жүгүртүп көргүлө.
Жакшыны жакшы деп айткандан  тартынбайлы. Кемчилдиги жок адамдын өзү жок бул жашоодо.  Ошон үчүн президентти урматтайм жана даңктайм. Ошондой эле чыдамкайлык жана туруктуулук каалайм. Анткени, ал нерселер президентке абдан керек. Жакшы адамдар өзүңөрдү сактагыла. Көңүлүңөрдү чөктүрүп, жүрөгүңөрдү оорутпагыла.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости