www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италиялык атактуу музыкант Эннио Морриконе 91 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалары жазып чыкты.

ANSA маалымат агенттиги белгилүү италиялык композитор жана дирижёр Эннио Морриконе мындан бир канча күн мурда жамбаш сөөгү сынып Римдеги ооруканага жаткырылганын жазды. Маркум «Бир жолу Жапайы Батышта», «Пианист жөнүндө уламыш», «Кесипкөй», «Бошогон Жанго» сыяктуу баш-аягы 500дөн ашык тасмага жана сериалдарга музыка жазган.

Атактуу музыкант Оскар сыйлыгын эки жолу алган. Алгач Морриконеге бул сыйлык 2007-жылы кинематографияга кошкон салымы, ал эми 2016-жылы Квентин Тарантинонун «Жийиркеничтүү сегиздик» фильми үчүн жазган обону үчүн ыйгарылган.

Ошондой эле үч жолу «Алтын глобус», алты жолу БАФТА сыйлыктарынын лауреаты болгон.

Морриконе фильмдерге музыка жазып, белгилүү обондорго аранжировка жаратууну 33 жашында баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости