www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Интерполдун» кыргыз бюросу Мадагаскарда 1983-жылы туулган С.Г.ны кармады.

Кыргызстандын ички иштер министрлиги билдиргендей, С.Г. Кыргызстандагы банктын 4 кызматкери менен кылмыштуу бүтүмгө келип, Кыргызстандын аймагынан 23 млн долларды чыгарып кеткен.

«АКИpress» агенттигинин өз булактары билдиргендей, жогоруда «Керемет банк» жөнүндө сөз болуп жатат.

Өткөн жылы 17-декабрда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы «Керемет банктын» кызматкерлерин кармаган болчу. Алардын арасында банктын башчысынын орун басары Максат Дадыбаев бар.

Андан соң УКМКнын 2 кызматкери кармалган. Алардын бири — УКМКнын Өздүк коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Б.Иманов. Экинчиси — ыкчам кызматкер.

Кармалгандарга кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу, документтерди жасалмалоо жана алдамчылык боюнча айып тагылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости