www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан менен чек арада жүк ташуучу унаалардын топтолушу сууга байланыштуу эмес. Бул тууралуу маалымат жыйынында Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеев билдирди.

«Мен казак тарап менен сүйлөштүм. Мага суу себеп эмес деп айтышты. Бул алардын расмий позициясы. Алар мага эмне десе ошону айтып жатам. Ал эми чыныгы себеби эмнеде экенин биз божомолдой гана алабыз. Бирок биз өзүбүздүн милдеттенмелерибизди аткарып жатабыз. Чек арада мындай абал мурунку жылы да болгон, быйыл да кайталанып жатат. Мен так себебин айта албайм», — деди Алмазбек Сокеев.

Буга чейин Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргызстандын ирригация илим-изилдөө институтунун директору Улан Чортомбаев Казакстан Республикасына суу сактагычтарда суу жок болгондуктан берилбей жатканын социалдык тармактарга жазган.

ЖМКлардагы казак чек арачылары кыргыз тарап суу бербей жатат деген шылтоо менен жүк ташуучу унааларды чек арадан өткөрбөй жатат деген маалыматка тиешелүү бөлүмдүн кызматкери ушундай жооп кайтарган. Кийинчерээк Айыл чарба министрлиги да Кыргызстан суу боюнча өз милдеттенмелерин аткарганын билдирген.

Эске салсак, “Ак-Тилек-автодорожный” өткөрмө бекетинин алдында Кыргызстандан чыгуу үчүн 500дөй унаа кезекте турат. Кыргызстандан Казакстанга кечээ 112 гана унаа чыга алган.

КР УКМКнын Чек ара кызматы эч кандай чектөөлөр киргизилбегенин, өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатканын билдирди. Казакстандын бийлиги баңгизатка каршы операция өткөргөнүн жарыялады. Казакстан Республикасынын Чек ара кызматы да өткөрүү пунктунда эч кандай чектөө киргизбегендигин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости