www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандан кийин Түркмөнстан менен Тажикстанга коркунуч жаралууда. Мындай пикирди бүгүн, 16-августта NazarNews маалымат агенттигине эл аралык мамилелер боюнча серепчи Чынара Эсенгул билдирди.

--“Талибдер өлкөнүн Афганистан Ислам Республикасы аталышын Афганистан Ислам Эмираты деп атоону көздөп жатышкан. Талибдер 1996-2001-жылы өлкөнү башкарып турган убакта да ушундай аталышта болчу. Азыр ошол максаттарына жетишти. Азыр чектеш аймактардан Өзбекстан буга чейин эле чек араларын бекемдеп алган. Ошондой эле, Афганистанда Өзбекстандын генералы бар. Өзбек бийлиги ал менен тыгыз байланышта болуп, ар кандай жагдайда түз чыга алышат.

Эң коркунучтуу болуп Түркмөнстан мамлекети эсептелет. Мисалы, Тажикстан менен деле чектеш бирок алар Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө болгондуктан Орусия аларга жардам берүүдө. Аскердик техникалар менен камсыздап жакшы эле көмөктөшүп жатат. Аларга анчалык коркунуч болгон жок деп ойлойм. Мындан Түркмөнстандагы абал кандай болоорун убакыт көрсөтөт. Ал эми Пакистан Талибдер менен расмий болбосо дагы алар менен бирге экендиги баарына белгилүү. Ошондуктан Пакистан деле аябай көп кооптонгон жок”, - дейт эксперт.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости