www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Масадыковду президент кызматка тартканынын эң биринчи себеби Афганистан тараптагы Талибан согушу", - деди бүгүн, 16-августта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Бейшенбек Абдыразаков.

- Коопсуздук Кеңешинин орун басары Масадыков кайсыл зарылчылыктан жооптуу кызматка тартылды деп ойлойсуз? Эмнеге мамлекеттик кызматтын этикасын сактабай жатат?

- Т.Масадыковду президент кызматка тартканынын эң биринчи себеби Афганистан тараптагы Талибан согушу. Ошол маселе боюнча мыкты адис, маселени ичинен билет, эл аралык дээңгелде, эл аралык мекемелер менен иштеген деген ишеним менен дайындады. Анткени, ал маселе күндөн күнгө күчөп баратат. Масадыков негизинен Ооган маселеси менен иш алып барышы керек. Экинчиден, Масадыков мамлекеттик органдарда кызмат кылган эмес. Ошондуктан, мамлекеттик кызматтын өзүнүн тартиби, талабы, этикасын сакташы керек. Бир системада иштеп,ошол системага каршы иш кылса же каршы сүйлөсө жумуштан кетип анан каршы пикирин айтышы  керек.

- УКМКдагы маселелерди сыртка чыгарганга болобу?

- УКМК бул өзгөчө орган. Ошондуктан, ал жактагы бардык эле маселелерди сыртка чыгара берген болбойт. Сыртка чыгара турган, чыгарбай турган маселелер бар. Ошого жараша иш алып барышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости