www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тигүүчүлүк тармагында бир катар ийгиликтерге жетише алган, дагы көп максаттары бар, “Чики” брендин негиздеген Чынара Мамажакыпова айым менен азыноолак маек курдук. 

-- Чынара айым, айтсаңыз, мурда тюрбан жоолуктарды коллекция кылып чыгарып, көпчүлүк айымдарыбыз жылуу кабыл алды эле, эми мода үйүн негиздепсиз...

-- Кыргыз айымдарын жоолукчан кылуу бала кезимдеги кыялым болчу. Ал жоолуктарды сый менен салынган айымдар жүрөк кубандырды. Максаттар кеңейди. Жакында эле “Бренд Чики” мода үйүн кайрадан ачтым. Ал мода үйүндө тюрбан жоолуктар, шапкелер, сумкалар, көйнөктөр, кече көйнөктөрү бар. Ал мода үйүнүн ичине сулуулук салонун кошо ачтык. Мисалы, бир кечеге бара турган айым чач жасалгасын, макияжын бул мода үйүнөн жасатып, каалаган көйнөгүн тандап кийип, даяр болуп чыкса болот.

-- “Апамдын сырдуу сандыгы” коллекцияңыз да өзгөчө болуптур.

-- Апам каза болуп, көпкө дейре депрессияда жүрдүм. Апаман айрылуу мага оор тийди. Аңгырап-каңгырап, бир боштук жанымды кыйнап, өзүмө келе албай жүрдүм. Дал ошол учурда Миланга, Түркияга, Москвага көргөзмөлөргө  чакыруулар келди. Баардык жерден баш тарттым. Эч нерсеге көңүлүм чаппады. Бир топ убакыт өткөндөн кийин апамдын үйүн иреттеп келүү үчүн барып калдым. Негедир мурда көңүл салбаган апамдын сандыгын карасам, түрдүү жоолуктар, колго тиккен туш кийиздери, жаздыктарын, көз жоосун алган түрдүү материалдарын сандыкка сактап жүргөн экен. Ошол апамдын сандыгындагы туш кийиздерди үйүмө алып келип, аларды колдонуп коллекция чыгарып, “Апамдын сырдуу сандыгы” деген ысым ыйгардым. Апама болгон сагынычтан, кусадан, күйүттөн азаптанып, болгон кайгымды коллекцияга жаңы кийимдерди тигүүдөн чыгардым. Дагы Миланга чакыруу келгенинен, ошол жаңы коллекциям менен барууну туура көрдүм. Коллекция абдан кызыгуу жаратты. Европада болгондуктан көпчүлүгү ачык кийинип чыгышты. Биздин коллекция кыргыз колоритин сактаганы менен өзгөчө айырмаланды. Канча жыл сакталганы белгисиз, бирок аздектелип сакталган, апамдын сандыгындагы туш кийиздерден, материалдардан деталдарга колдондум. Кыздар дагы жылаңбаш болбой, жоолук тюрбандарды кийип чыккандыктан Чыгыш стилинде болду. Кыргыздын менталитетин элестеткен чыныгы айымдын жүзүн көрсөтө алдык. Кызыгуулар көп болду. Жөн дагы эмес, тапшырыктарды алып кайттык. 

-- Дагы кандай жаңы коллекцияларды көрүп калабыз?

-- Келечектеги пландар үчүн бир чоң имарат салынып жатат. “Бренд Чики” мода үйү чоң масштабда ачылат. Учурда мода үйлөрү көп, бирок баасы өтө кымбат. Ошондуктан саналуу гана айымдар ал мода үйлөрүнө кайрылышат. “Бренд Чики” мода үйүнүн максаты: жөнөкөйлүк жана өтө кымбат эмес, бирок сапаттуу, баардык айымдарга жарашыктуу кийимдерди тигүү болууда.   

Жакын арада “Бренд Чики” мода үйүнүн ачылышына карата көптөгөн мааракелерди уюштурганы турабыз. Жөнөкөйлүгүбүздү, ыймандуулугубузду, нарктуулугубузду, назиктигибизди далилдей турган коллекцияларды сунуштап, Кыргызстанда жакшы дизайнерлер бар экенин көрсөтүү ниетибиз бар.  

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости