www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соттон эмес, судьядан коркуш керек.
(Александр Островский)

Жердеги сот асмандагы сотко караганда да коркунучтуу.
(Валентин Пикуль)

Мен сот системасы кандай иштээрин билдим: ал иштебейт экен.
(Джулиан Ассанж)

Эң катаал судьялар – биз өзүбүзбүз.
(Леди Фиона)

Сот процессинин идеясы мындай: эгер эки калпычыны бири-бирин ашкерелөөгө мажбурласаң, чындык калкып чыгат.
(Джорд Бенард Шоу)

Кимдер соттолуп жатканына карап мамлекетке баа берсе болот.
(Станислав Ежи Лец)

Эң жогорку сот – бул абийир соту.
(Виктор Гюго)

Сот – бул адилеттикти акчаң жетишинче сатып ала турган жер.
(Юрий Поляков)

Абийир соту жоголгон кезде коомчулук түрмөчү менен башкесер төрагалык  кылган соттун көзүн карап калат. 
(Я.Фосколо)

Баары күнөөлүү, баары кечирим күтүшөт.
Эми соттор ырайымдуу болсо экен.
(Уильям Шекспир)

Жыртык кийимден кичинекей күнөө да көрүнүп турат. Кымбат тон болсо эң оор күнөөнү да жаап-жашырып калат.
(Уильям Шекспир)

Ар кандай судья эртеби-кечпи соттолуучуга айланат; ага өкүмдү өзүнүн эле өкүмдөрү чыгарат.
(Джон Фаулз)

Мен кырк жылдан ашуун мезгилдин ичинде миллион жүргүнчүнү ташыдым, а мага болсо эки жүз сегиз секунд боюнча чыгарышат.
(Гудзондогу керемет” фильминен)

Айлакер да, акылдуу да, атүгүл куш да Кудайдын сотунан кутула албайт.
(Байыркы орус накылы)

Кылмыш курамы маанилүү эмес, соттун курамы маанилүү.
(Бир тууган Вайнерлер)

Күнөөлүү күчтүү болгон кезде бейкүнөө күнөөлүү болуп калат.
(Түрк макалы)

Мыйзам эң көп соттун өзүндө бузулат.
(Джим Томпсон)

Бизди соттоочу сотторду биз өзүбүз тандайбыз.
(Айрис Мёрдок)

Талап-тоноо бар, уурулук бар, ал эми ууру болсо жок.
(Орус макалы)

Кыямат күнү эң биринчи болуп судьялар соттолот.
(Аркадий Филлипович Давидович)

Акылду сотко каттабайт, келесоонун болсо соттон башы чыкпайт.
Сотко кафтанчан бардым эле, чыкканда жылаңач чыктым.
Сот деле көлмө сыяктуу – кургак чыга албайсың.
Ат карышкыр менен таймашам деп жалы менен эле куйругу калды.
Соттошуу – Кудайга сыйынуу эмес: ийилип-жүгүнүү менен иш бүтпөйт.
(Орус макалдары)

Биздин сот ар бир жаранга кийинки сотко – Кудай сотуна кайрылууга укук берет.
(Геннадий Ефимович Малкин)

Мыйзам – байлар үчүн, жаза – кедейлер үчүн.
(Армян макалы)

Мыйзам судьяларды дайындаган кишилерди коргойт.
(Тигран Бабаян)

Мага кодексти көрсөтпөгүлө, ким судья экенин көрсөткүлө.
(Рой Кон)

Ким мыйзамдан дагы катуу соттосо – ал зулум.
(Л.Вовенарг)

Жаманга жан тарткан киши жакшыга зыян келтирет.
(Публилий Сир)

Жаны кашайган, жинденген күбөнүн көрсөтмөсүнө ишенбеш керек.
(Цицерон)

Присяжныйлар кылмышкерди актап ийсе эчтеке эмес, бирок, кылмышкер да өзүн кечире баштаса ошол жаман.
(Федор Достоевский)

Башканы соттогонго караганда, өзүңдү соттогон кыйын.
(Сент-Экзюпери)

Сот эч кимди жашоого өкүм кыла албайт. Өлүмгө өкүм кылат, бирок өмүргө өкүм кыла албайт.
(Николай Эрдман)

Сот учурунда атүгүл шайтандын да сөзүн угуш керек.
(Гильом Дюран)

Жазалай албаган судья акыр аягында кылмышкердин шеригине айланат. 
(Иоганн Вольфганг Гёте)

Сот каргаларды кечирет, бирок көгүчкөндөрдү кечирбейт.
(Ювенал)

Эгер адилеттүү судья болгуң келсе, каралоочуну (прокурорду) эмес, ишти кара.
(Эпиктет)

Отуз жолу соттошкон чөнтөкчү тууралуу “белгилүү чөнтөкчү-рецедивист” деп жазсаңыз, ал сизди “ар-намысымды тебеледи” деп сотко берип, соттон утуп алат.
(Карел Чапек)

Сиз судьянын ордун ээлей алсаңыз, бир күн соттолуучунун ордун да ээлеп калышыңыз мүмкүн.
(Михаил Гуськов)

Судья – бул тили бар мыйзам, а мыйзам – бул дудук судья.
(Цицерон)

Күнөөсүз кишини соттогон судья өзүн соттойт.
(Публилий Сир)

Чынчыл киши судьянын креслосуна отуруп жатканда өзүнүн жеке симпатияларын унутуп коет.
(Цицерон)

Бир күнөөсүз кишини соттогонго караганда, он күнөөкөрдү актап ийген жакшы.
(Екатерина экинчи)

Эгер каз соттолуп жаткан болсо, түлкү судьялардын арасында отурбашы керек. 
(Томас Фуллер)

Эшектин күнөөсү үчүн чомду соттобош керек. 
(Мигель де Сервантес)

Ар кандай баатырдык үчүн кылмыш кодексинен статья табылат.
(Юрий Базылев)

Империя бекем, кубаттуу болуш үчүн судья мыйзамга, ал эми адамдар болсо судьяларга баш ийиши керек.
(Солон)

Даярдаган Мамат САБЫРОВ

"Азия Ньюс" гезити

Последние новости