www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты, Чыныбай Турсунбеков, "Атамбаевди сындап, жаман дей албайм", деп "Фабула" гезитине маек курду.
-- Чыныбай мырза, учурда Жогорку Кеңешти сындагандар, чабал деп жеригендер четтен чыгат. Парламенттин ишмердүүлүгүнө канааттанасызбы?
-- Чынын айтыш керек. Бүгүн Жогорку Кеңешке жетиштүү сын бар. Бирок ошол эле маалда иштин көзүн тапкан, мыйзамды катыра жазган, өз милдетин жакшы түшүнгөн, жасаган ишин жар салып айта бербеген депутаттар да бар. Ошон үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын баары эле чабал, иштин көзүн таба албайт дегенге макул эмесмин.
-- Атамбаев камалса, өлкөдө саясий туруксуздук орун алышы мүмкүнбү?-
--Мүмкүн. Анын да жетиштүү тарапташтары бар. Ошолор ойго келбеген жагдайларды жаратып, абалды туруксуз кылып, стабилдүүлүккө кооптуу жагдай жаратып коюшу мүмкүн. Мен өзү тынчтыктын тарапкеримин. Бардык нерсе мыйзам чегинде болушун, эч ким аша чаппай, карапайым калк жабыр тартпашын каалайм.
-- Сиз Атамбаевди сындаган тарапка кошуласызбы же колдогон тарапкабы?
--Мен Атамбаев жаман деп айтып чыгууга абийирим жол бербейт. Атамбаев Конституцияга ылайык бийликти өзү убагында тынчтык жолу ме-нен өткөрүп берди. Атамбаевдин жанында жүргөн адам катары анын кемчиликтери көп экенин айта алам, «Мен ушундай жаралып калсам кантейин, ушуңдай жаралганым үчүн Атамбаев болуп келе жатам» — деп өзү да айткан.
Биз Атамбаевди 6 жыл президент көтөрүп алып, бүгүн ооруп калды, бейтапканага которуу зарыл деп айтканыбыз туура эмес». Анын да кемчиликтери менен кошо мактоого арзыган жакшы жактары да бар. Ошондуктан аны сындап, жаман дей албайм.
-- Учурда коррупция менен күрөш туура багытта жүрүп жатабы же тандалма жол менен ишке ашып жатабы?
-- Азыр коррупция менен күрөш жүрүп жатат. Бирок кандай багытта ишке ашып жатканын Сооронбай Жээнбековдун президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин гана баа беребиз. Анткени коррупция менен күрөш кандай багытта ишке ашканы ошондо билинет.
-- Өкмөт неге экономи-каны көтөрө албай ча-балдык кылып жатат?
-- Баарыбыз экономиканын көтөрүлүшүнө салым кошпосок, өкмөт жалгыз көтөрө албайт. Башкача айтканда, экономиканы көтөрүүгө жалгыз өкмөттүн күчү жетпейт. Ошондуктан колдон келишинче баарыбыз салым кошушубуз керек. Өкмөткө эле доомат коё бербей.
Булак: Фабула