www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз элинин менталитетине туура келбеген жоруктар менен 8-мартта Батыштан жем жегендер чыкса, 10-март күнү гей-парад жүрүшү болмой болду. Зордук-зомбулук көрбөй эле жашап жаткан аялзатын күйөөсү менен кайраштырып жаткан гейлерди «Азаттык» колдоп чыкты. Быйылкы 2020-жылга “Азаттыкка” “Сорос-Кыргызстан” фонду 3 млн. $ бөлсө, АКШ 3 млн $ бөлгөн. 8-мартта болуп өткөн «Аялдардын шериктештик маршы» тууралуу коомчулук каршы пикирин билдирип жатышат.

«Азаттык» үн алгысы жана коомчулук

 Коомчулук менен бирге «Азаттык» үн алгысы эриш-аркак туруш керек эле. Бирок, «Азаттык» үн алгысы Батыштан алган 6 млн. долларды акташ үчүн "Аялдар туубагыла, чай куйбагыла, тамак жасап, кир жуубагыла, үй жыйнабагыла», ал эмес «күйөөгө тийбегиле» деген чакырыктар менен чыккандарды өз кабарчысы Ыдырыс Исаков аркылуу ачык колдоп чыкты. "Мен кыздар тараптамын, гейлер илгери деле болгон", - дейт «Азаттыктын»  кабарчысы. «Гейлер» илгери деле болгонун бир «Азаттыктын» кабарчысы билбесе, башкалар билбейт экен. Кыргыздын аялдарына акыл үйрөткүдөй «Азаттык» ким болуп кетиптир? Тамак-аш жасоо, чай куюу, төшөк салуу,  идиш-аяк, кир-кок жуу кыргыз аялзатынын эле милдети, азыркы технологиялар өскөн заманда аялзатына тиешелүү жүктөр женилдетилген, кир жуучу машиналар, тамак жасоо үчүн электр бар. Илгери саман, тезекке эле сууну алыстан ташып келип тамак даярдашкан. «Азаттыктын» оюу боюнча, кабарчысы билдиргендей, күлкүнү келтирип «гейлер илгери деле болгон" деген шылтоо менен АКШтан маарап келген 4 млрд. 200 млнду акташ үчүн жасалган гейлердин митингин колдоп жатат. Эркектердин деле үй-бүлөнү багуу, мекенин жоодон сактоо сыяктуу өз милдеттери болгон.

«Азаттык» үн алгысы жана куюлуп келген акчалар

Быйыл тынч кыш мезгили аяктап, чуулгандуу жаз айлары келди. Бийликти алмаштыруу үчүн 3 миллион эле доллар жетет деп ойлошобу, АКШ тиреги болгон “Азаттыкты” күчтөй баштады. Чындыгы, АКШ Кыргызстанды Орусияга каршы Борбор Азияда бекем тылына айлантканы турат. Башкы чуулгандуу окуялар убакыт жылган сайын чукулдап келатат. Учурда мезгил-мезгили менен эч кимге билинбеген ымырт митингдер башталды. АКШ Конгресси “Азаттыктын” кыргыз филиалынын  бюджетин эки эсеге көтөргөн. 2019-жылы “Азаттык” үн алгысына АКШ тараптан 1 миллион 700 миң АКШ доллары менен акча каражаттары бөлүнгөн. 2020-жылы АКШ “Азаттык” үналгысына бөлө турган акча каражатынын эсеби 3 миллион долларга жетти.

Ал эми “Сорос-Кыргызстан” фонду  журналисттердин иликтөө кызматтары үчүн долбоорго  3 миллион доллар бөлгөн. “Сорос-Кыргызстан” фонду  журналисттерди ушул долбоорго таяп, иликтөөлөрдү окута баштайт. Тренинг жана семинарларда бир гана журналисттер болушпайт, окутууга шылтоолонуп бул жерде жаш үгүтчүлөр, активдешкен бийликке каршы  саясатчылар да окушат. Батыш дегенде ак эткенден, так этишип, Батыштан “жем жеген” өкмөттүк эмес уюмдар (НПО) жеңдерин түрүнүшүп, бүлгүндү баштоого дайым даяр турушат. Ошондуктан, кыргыз элинин менталитетине туура келбеген жоруктар менен 8-мартта Батыштан жем жегендер чыкса, 10-март күнү ал окуя кайталанмай болду.

Бул эмне деген окшоштук, “Азаттыктын” жылдык бюджети 3 миллион доллар болуп жатса, революция жасоо жаатында бышып жетилген “Сорос-Кыргызстан” фонду  да 3 миллион доллар бөлүштү. Же 3 миллион доллар менен гана бийликти алмаштыргысы келип жатышабы? Батыштын очойгон акчасына маарап, Батыштын тескери саясаты менен иш жүргүзгөндөр «отко май тамызып жатышат». Эсиңерге келгиле, эгер араб мамлекетинде болуп жаткандай чыр чыгып кетсе ким жооп берет?

«Азаттыктын» кабарчылары эмне дейт?

«Азаттыктын» кабарчылары ката жазышат окшойт, Фейсбуктагы баракчасына ката толтура жазыптыр, каталарын оңдоп, «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыккан постуна кайрылалы: «Динге жана салтка эч кандай каршылыгым жок. Бирок фактыны, чындыкты мойнубузга ала билишибиз керек. Курманжан Датка өлүмгө тике кара дегендей, чындыкка тике карашыбыз керек. Мен гейларди (гейлерди) жакшы көрүп, колдоп, үгүттөп аткан жокмун и (жана) колдобойм. Жанагы ашкере феминисттерге да кошула албайм. Бирок (,) чынында чай куйганга алар милдеттүү деле эмес экенин мойнубузга алышыбыз керек деп билем. Каалабаса, көңулү тартпаса сени менен жатпай койгонго да укугу бар. Ошондой эле укук эркекте да бар. Анан эмнеге теригип атасыңар?

Чай куйбайм, кир жуубайм деди деп, эркектер уялбай таарынып атабыз. Мен негедир ошол чай куйгандан, кир жуугандан өксүгүм жок экен. Менин аялым, түнкү саат 4 тө келсем да ысык тамагын даярдай салгангабы айтоор (айтор) аялым мага тамак бербей коёт деп коркуп, ойлонуп көрбөпмүн. Аялым апама чай куйбай, кабагын салганын көрө элек экенмин. Ошондуктан (,) мен аялыма абдан ыраазымын. Аялыңды өз ыктыяры менен чай куйдурганга жарабай (,) анан уялбай кыргыздын краанымын (кыраанымын) дегениңер курусун. Кыраандарга чай өзү эле куюлат. Кыраандарды любой (бардык) аял сүйөт. Чай эмес (,) пайын кошуп, жан дили менен бергенге дайыма даяр болуп турат. аялың (А) чай бербесе ал аялдын эмес эркектин өзүнүн күнөөсү.Сөзүнүн күчү жок, жүзүндө сүрү жок (,) элтеңдеген бир бечара болсоң (,) ким чай берет? Тескерисинче (,) мен аялыма каалаган кийимин сатып бере албай жүрөм, каалаган тамагын сатып бере албай жүрөм деп өзүм уялган жерим бар. Ушунча болду чынын айтайын.

Эми гейлер тууралуу: Гейлер тууралуу адеп талкуу боло бергендиктен, адеп баарыңыздар ошого көңүл бөлө бергениңиздерден улам, алар тууралуу маалыматтарды окуп көргөнмүн. Ага чейин булар тууралуу менде деле маалымат жок болчу. Мен дагы бир жолу айтам. Гейлер болгон, болуп жатат жана боло берет. Бул чындык. Бул жаратылыш. Өзүңөрдү өрттөп салсаңар да бул чындык ушул бойдон кала берет. Көңүл бөлө берүүгө арзыбай турган теманы бүт кыргыз талкуулап бүтө албай койдук. Ал аз келгенсип, аларга каршы ачык күрөшкө чыктыңар. Аялдарга карата зомбулукту токтот деп, күн сайын катталып аткан, катталбай калып кеткен ур-токмокту эбин таап тый деп чыккан аялдарды беткапчан келип сөктүңөр. (,) капа кылдыңар. Анан ошол аракетиңерди акташ үчүн фотомонтаж менен жасалма сүрөттөрдү чыгарып, элдин көзүнө чаң чачып отурасыңар. Кыргыздын краан (кыраан) жигиттери дегендер ошол жүзүн жашырган бечараларбы?

Эми мага түшүндүргүлөчү, алар менен кантип күрөшөсүңөр? Гейлер жашабасын деген мыйзам кабыл аласыңарбы? Же кудайдын милдетин менчиктештирип алып, аларды ташбараңга алып жазалайсыңарбы? Же камакка аласыңарбы? Алар менен кантип күрөшкөнү жатасыңар? Төшөк деген сөз деле өзунчө ыйык, өзүнчө азиз. Кол тийгис. Анан бирөөнүн төшөгүн кантип аңдыйсыңар.

Ылдыйда Ооганстандан тартылган, болгондо да америка эмес, батыш эмес, ошо көбүң жакшы көргөн, сүйүп, байрагын профилине илип алган орустар тарткан видеону көрүп койгула. Биздин динди тутунуп сакалды коюп алгандын баары эле таптаза эмес экенине, идеалдан өтө эле алыс экенине балким ынанарсыңар. Көзүңөр ачылаар. Ачылбаса ар кимге асылып коюп, оокатыбызды коррупционерлерге уурдатып, ошол (ошол?) өзүңөрдөн уурдалган оокаттын кичине бир күкүмүн берип койсо алла ыраазы болсун деп, ыракматты айтып, калган тирилигиңерди ошол орустарга кул болуп өткөрө берерсиңер. дагы (Д) бир жолу айтам, кыргыздын көйгөйү гей-пей эмес. Кыргыздын негизги проблемасы коррупция, бийликтеги уурулук. 20 миң сом айлыгы бар чиновниктин миллиондон байлыгы барлыгы (бар экендиги) көйгөй”.

«Азаттыктын» кабарчысына комментарий

Биринчиден, Фейсбук деле күзгү сымаал, «Азаттыктын» кабарчысы болуп туруп, ушул кичинекей ой-толгоодон жыйырмадай ката кетириптир. Шашып жазган күндө да, окурмандар окуйт деп, бир карап коюш керек эле. Эгер мугалим бул жазгандарды окуса «2» эмес, «1» коймок.

Экинчиден, эркектер маршка чыккандарга каршы, «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковдун жубайы манаптай кылып саат 4 тө туруп ысык тамагын берет экен. Ал эми көпчүлүк эркек саат 4 тө жубайын ойготпой эле, өздөрү тамактанып алышат. Бул жерде мактануу аркылуу аялзатына үстөмдүк кылуу болгон жокпу?

Үчүнчүдөн,  «Азаттыктын» кабарчысынын АКШтан алган долларына карабай аялына каалаган кийимин, каалаган тамагын сатып бере албай жүрөм деп даттаныптыр. Кыргыз аялзаты топук, азыркы кенедей акчалары менен каалаганын сатып алышат. Ал эми «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковдун жубайы балким миллиондорду сапырып кийим, тамак алууну каалап жаткандыр? Балким, дагы гейлерди колдой түшсө АКШ калем акысын көбөйтөр.

Төртүнчүдөн, «Азаттыктын» кабарчысыны: «Гейлер болгон, болуп жатат жана боло берет» -деген гениалдуу ойлорун айтыптыр. Батышта болсо боло берсин, кыргызда, Гейлер болгон эмес, бир аз санда  болумуш болуп жатат жана болушу мүмкүн эмес.

Бешинчиден, окурмандарды Гейлерден алаксытыш үчүн «орустарга кул болуп өткөрө берерсиңер» деп, биздин экономикабызга түздөн-түз пайдасын көрсөтүп жаткан Орусия менен чабыштырууга аракет кылган. Бул жерде АКШтан маарап келген 4 млрд. 200 млн. сомдун жана «Азаттыкка» бөлүнгөн 6 миллион доллардын жыты жыттанып турат.

Алтынчыдан, анын коррупционерлер тууралуу айткандары гана чындыкка шайкеш келет. Арийне, «кыргыздын көйгөйү гей-пей эмес” –деп айтканы туура эмес.Кыргызды ким тизелеткиси келсе, кыргыздын каада-салтына ким каршы чыкса бардыгы көйгөй.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости