www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда карантин режимин бузгандар беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Орусия бийлиги коронавирус коркунучунан улам өзүн коомчулуктан обочо кармабай, карантинге жатпай койгондор кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 5 жылга чейин эркинен ажыратыла турганын эскертишти. 

Ага ылайык, вирус тез жайылып жаткан өлкөгө барп келген жарандар өз сапары тууралуу бийликке сөзсүз билдириши керек жана 14 күн карантинде жатышы зарыл. Ошондой эле ишкана-мекемелерде кызматкерлер менен жумушчулардын дене табын маал-маалы менен өлчөп туруу да каралган.

Кытайга, Түштүк Кореяга, Иранга, Италияга, Францияга, Германияга жана Испанияга барып келген жарандарга тиешелүү экени айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, акыркы маалыматтар боюнча, жалпы дүйнө жүзүндө коронавирустан 4004 адам өлдү. Жуктуруп алгандардын саны 114 миңден ашты.

АКШда 624 киши жуктуруп, 22 адам көз жумду. 15 киши оорудан сакайып чыкты. Орусияда 20 киши ооруну жуктурганы аныкталган, өлгөндөр тууралуу кабар жок. Ал эми Италия боюнча жалпысынан 9172 киши ооруга чалдыкса, өлгөндөрдүн саны 463 адамга жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости