www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырлары көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун тапкан, жаш акын кыз Ырысгүл Изатованын “Мономуза” аттуу алгачкы ыр жыйнагы жарыкка чыгып, окурмандарын кубандырып, ырлар ээсин таап турган учур. Жыйнакка боордош түрк, азербайжан, казак акындары да өз пикирлерин калтырган. Биз Ырысгүлгө чыгармачылык ийгиликтерди каалап, сурообузду узаттык.

-- Ыр жыйнакка кандай ырлар камтылды? Китептин аты дагы өзгөчөлөнүп коюлуптур...

-- Жандүйнөмдүн аңтар-теңтери, жаштыгымдын ирмеми камтылган жазыксыз саптарды барак бетине чиймелеп жүрүп, алгачкы ыр жыйнагымды чыгардым. “Акын болоюн” деп деле максат койгон жокмун. Жөн гана көөдөнүмдү туйлаткан "жан сырым" менен бөлүштүм. Китебимдин дээрлик көбүн лирикалык ырлар камтыды. Ошондой эле ырларымдын башка тилдеги котормолору жарык көрдү. Аты "Мономуза". Бул атты сөздөрдү кураштырып отуруп КР эл жазуучусу Султан Раев экөөбүз таптык. "Моно" – англис сөзү. Кыргызча которгондо "жалгыз, бирден-бир" дегенди түшүндүрөт.

Ербол Бейилхан: 

“Ушундай сулуунун калеминен жаралган саптар начар болууга тийиш эмес”

Акын, жазуучу, эл аралык поэзия академиясынын академиги менен маек...

-- Алгач Ырысгүлдүн ырларын интернеттен окугам. Назар салдырганы – анын сулуу сүрөтү эле. «Ушундай сулуунун калеминен жаралган саптар да начар болууга тийиш эмес» деген бир ой пайда болгон. Ырларын окусам назик, сырдуу, өзгөчө саптар көзгө чалдыкты. Ошондон тарта Ырысгүлдүн чыгармачылыгына кызыгуум артып, ырларын үзбөй окуган окурманына айландым. Анын себеби, сезимдерин жашырбай жазганында болсо керек. Жаш болсо да Ырысгүлдүн айтары бар, поэзияны терең түшүнө алган, оюн жашырбаган, өзгөчө акын. Кийин өзү менен жакындан таанышканда ызааттуу, ыйбалуу кыз экенин байкадым. Ал көптөгөн боордош элдердин акындары менен таанышып, жакын болуп жүрөт. Алар анын поэзиясын жакшы баалап, урматтайт. Ырысгүлдүн чыгармачылыгына болгон кызыгуум, анын бир нече ырларын казак тилине которуума себеп болду. Казак окурмандары котормону жылуу кабылдады. Көптөгөн жакшы пикирлерин айтышты. Ырысгүл – лирик, сырдуу акын. Бул жаш кыздын келечеги алдыда. Анын изденгени кубантат. Ушул асыл касиетинин аркасында келечекте кыргыз элинин айтылуу, белдүү акындарынын бирине айланат деп ойлойм. Алгачкы ыр жыйнагын чыгарган сүйүктүү Ырысгүл Изатова карындашыма ак жол, амандык тилейм. Ырдын ааламында сенин жылдызың бийикте, өчпөй жаркырап турсун!

Каалоосу жок жашап жаткан кез бүгүн, 

Канча жанды жүргөн менен суктантып 

Кабагым да ачылбастан суз тартып,

Каалоосу жок жашап жаткан кез бүгүн. 

Канча жанды жүргөн менен суктантып, 

Кайгы-муңда өтүп барат мезгилим. 

Асыл адам акыр айтаар сөзүм бу:

 - Арбып барат жүрөгүмдүн жарасы,

 Ченеми жок сүйсөм деле өзүңдү, 

Чоочун жандай болуп турам карачы.

 Мени бир аз, мени бир аз аячы...

Кечиргиле унутканча

Жүрөккө өз өкүмүн буйрук кылып, 

Жүрөт ал сезимимди буюктуруп. 

Баш тартпай койдум бирок, андан такыр,

Башканы сүйсө деле билип туруп. 

Жадатты жандүйнөмдүн кыйналганы, 

Же тагдыр мага бакыт ыйгарбады.

Армандуу жазылганга айыптуудай,

Ыйлашат кагазымда ырлар дагы. 

Түбү жок терең ойго тунуп канча, 

Жашыймын, жашын төккөн булуттарча?! 

Оо ырлар, кечиргиле, кечиргиле, 

Мен эми ал адамды унутканча.

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости