www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Мыйзам долбоору тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев баяндама жасады. Ал билдиргендей, мыйзам долбоору менен кыргыз-казак чек арасындагы «Төмөнкү Чүй - автожол» («Камышановка-автожол») жана «Кичи-Капка - автожол» өткөрүү пунктун эки тараптуу макамын көп тараптуу (эл аралык) деп өзгөртүү, «Төмөнкү Чүй - автожол» өткөрүү пунктунун иштөө режимин күндүзгү убакыттан сутка бою иштөө режимине өткөрүү каралат.
«Бул өткөрүү пункттарынын статусунун өзгөрүшү жагымдуу шарттарды түзүү жана туризмди өнүктүрүү, анын ичинде жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү, чет элдик туристтерди, инфраструктураны жакшыртууну өнүктүрүү зарылчылыгы менен шартталган», - деди баяндамачы.
Андан тышкары, жыйында «2025-жылдын 1-сентябрында Тяньцзинь шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздугунун чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракеттенүү боюнча Универсалдуу борбор жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үч окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоору тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын антитеррордук борборунун директору Алишер Эрбаев маалымат берди.
Анын айтымында, макулдашууда ШКУнун Региондук терроризмге каршы түзүмүнүн базасында Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракеттенүү боюнча Универсалдуу борборду, анын түзүмүнө Маалымат коопсуздук борборун кошуу, аны менен катар Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жайгашкан Универсалдуу борбордун түзүмдүк бөлүкчөсү статусундагы бөлүмчө катары Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борборун түзүү каралган.
Муну менен катар «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо тапты.