www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Албаниянын Тирана шаарында спорттук күрөш боюнча экинчи рейтингдик MUHAMET MALO-2026 турнири башталат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдешти алгач эркин күрөш боюнча балбандар ачып, ага Кыргызстандан 9 балбан катышат.

Алар 57 кг чейинки салмак категориясында Абдымалик Карачов, 61 кг чейинки салмакта Бекзат Алмаз уулу, 65 кг чейинки салмак категориясында Билол Шарип уулу, ушул эле салмакта Осконбай Абдисаматов, 70 кг чейинки салмакта Эрназар Акматалиев, 70 кг чейинки салмак категориясында Залкарбек Табалдиев менен Рустамжан Кахаров жана 74 кг чейинки салмак категориясында Орозобек Токтомамбетов менен Адилет Акылбековдор беттешке чыгат.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.

Последние новости