www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 25-февралда, Баткен облусунда жыйын өткөрдү.
Жыйынга облус жетекчилиги, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, мамлекеттик бийликтин аймактык органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Аймакты өнүктүрүү, коомдук коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана өз убагында чара көрүү боюнча пландардын ишке ашырылышы каралды.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков ошондой эле облустун бир катар калктуу конуштарына барып, аймактын тургундары менен жолугушту.