www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары болуп Давлянов Дамирбек Тайырбекович дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Абдупата Маткаликов кол койду. Бул тууралуу Манас шаарынын мэриясынын маалымат борбору билдирди. 

Билими жогорку. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясын артыкчылык диплому менен аяктаган. Адистиги — юриспруденция.

Соңку иштеген жери:

Кыргыз Республикасынын ИИМинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын начальниги.

Алган сыйлыктары жана наамдары:

«Бишкек шаарынын ардактуу атуулу», «Милициянын отличниги», «Кылмыш иликтөө кызматынын отличниги», ошондой эле Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү багыты боюнча жана экстремизмге, терроризмге каршы аракеттенүү боюнча отличник наамдарына ээ.

Эске салсак, Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Иманалиев Кубанычбек Бактыбекович өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.

 

Последние новости