www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Чехия өзгөчө кырдаал режимин узартты

Чехия парламентинин депутаттары өлкөдөгү өзгөчө кырдаалды 5-октябрдан 12-декабрга чейин узартты.

Депутаттар палатасы өзгөчө кырдаал режимин 2020-жылдын 12-декабрында саат 00: 00гө чейин узартуу чечимин кабыл алды. Жыйынга катышкан 103 депутаттын 56сы бул сунушту жактырды, 42си каршы болгон.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Чехияда коронавирус жугузгандардын жалпы саны 475 284кө жетти. Өлкөдө мектептер, ресторандар, барлар, клубдар, спорттук жана маданий жайлар, ошондой эле көпчүлүк дүкөндөр жабылды.

Ошондой эле жекшемби жана майрам күндөрү чекене соодага тыюу салынат. Калкка кызмат көрсөткөн ишканалардын көпчүлүгүнүн иши токтотулду. Мамлекеттик жана коммерциялык уюмдардын кызматкерлери аралыктан иштөө режимине өттү.

Муну менен бирге Чехияда жарандардын саат 21.00дөн 5.00гө чейин эркин жүрүүсүнө, ошондой эле көчөдө спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынды. Көчөлөрдө жана коомдук жайларда коргоочу бет капсыз жүрүүгө тыюу салынат.

Эскерте кетсек, өлкө олиция мыйзамды бузгандарга 10 миң кронго чейин (болжол менен 380 евро) айып пул салууга укуктуу болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости