www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык окумуштуулар вирустук инфекцияларды дарылоонун жаңы ыкмасын иштеп чыгышты. Алардын ою боюнча, жаңы ыкма башка инфекцияларды да дарылоодо натыйжалуу болушу мүмкүн. Бул 26-ноябрь, бейшемби күнү белгилүү болду.

Адистер вируска каршы дарыларды иштеп чыгышты. Алар ден-соолукка зыян келтирбей, организмге жуккан клеткаларды жок кылууга жөндөмдүү. Илимпоздор молекуланы занамивир жана динитрофенил кошулмасы аркылуу синтездешти. Өндүрүлгөн дары вирустардын өзүн да, жуккан клеткаларын да жок кылат.

Азырынча дарынын таасирин изилдөө иштери чычкандарга гана жүргүзүлдү. Жаныбарларга А жана В тумоосунун вирусун жуктурушкан, бирок окумуштуулар бул алгоритм коронавирус сыяктуу башка оорулар менен да күрөшө алат деп ишенишет.

Азырынча,жаңы дарыны адамдарга сынап көрүшө элек.

АКШда жыл сайын эки миллиондой адам сасык тумоо менен ооруканага жаткырылат. 80 миңге чейин жаран тумоо өтүшүп кеткендигинен улам көз жумат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости